Коом

Райондук спорттук иш чара болду

61

вертекс DSC_0015 жаныбек вертекс DSC_0039 вертекс DSC_0036 айгыржал стадиондун ачылышы DSC_0045 вертекс футбол DSC_0057 чикилдек DSC_0085 ордо DSC_0139 вертекс DSC_0148 вертекс DSC_0203 вертекс DSC_0233 Иш чаранын жыйынтыгы менен, волейбол боюнча 40 жашка чейинки спортчулар арасында 1-орунду  Т. Эрматов атындагы райондук өспүрүм балдар спорт мектебинин командасы ээледи. 2-орун Жаңы-Базар командасына ыйгарылды. Ал эми 3-орун  Айгыр-Жал командасына, 4- орун Каныш-Кыя командасына берилди. Ал эми волейбол боюнча кырк жаштан жогоркулар арасында 1-орунду Башкы-Терек командасы ээледи. 2-орун Каныш-Кыя-1 командасына ыйгарылды. 3- орун  Жаңы-Базар командасына, 4-орун Каныш-Кыя-2 командасына берилди. Футбол боюнча мелдеште Жаңы-Базар-1 командасы  жеңишке жетишти. 2-орунду болсо Жаңы-Базар-2 командасы ээледи. 3-орун Айгыр-Жал кеомандасына, 4-орун Каныш-Кыя командасына берилди. Ордо оюну боюнча мелдеште Жер-Капчыгай командасы жеңүүчү аталды. 2-орунга Айгыр-Жал командасы ээ болду. 3-орунду Коргон-Сай командасы, 4-орунду Чакмак-Суу командасы ээледи. Чикилдек атуу  боюнча 1-орун Айгыр-Жал командасына ыйгарылды. 2-орунга Чакмак-Суу командасы ээ болду. 3-орун Кызыл-Токой командасына, 4-орун Чапай командасына берилди.  Тактай кетсек, бардык оюндун түрү боюнча 1-орунга 12 миң сомдон, 2-орунга 9 миң сомдон, 3-орунга 6 миң сомдон, 4-орунга 2 миң сомдон акчалай байгелер берилди. Белгилей кетсек, бул спорттук иш чара Чаткал районунда кен казуу менен алектенген  “Вертекс Голд Компани” фирмасы тарабынан каржыланды. Аталган фирма тууралуу айта кетсек, былтыр районго 18 млн. сомго көпүрө куруп берген. Мындан сырткары, районго соцпакетке жыл сайын 10 млн. сом которуп берет жана жогорудагы сыяктуу райондогу маданий массалык жана спорттук иш чараларга каржылык колдоо көрсөтүп келет. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь