Өмүрбек аба 1968-жылы мурдагы Фрунзе, азыркы Бишкек шаарындагы айыл чарба институтунун ветеринардык факультетин аяктаган. Жогорку билимдүү ветеринар дарыгер. Көп кырк жыл бою Чаткал районунун совхоздорунда өз кесиби боюнча эмгектенип келген. Азыркы кезде ардактуу эс алууда.
-Колдон келген жумушту аткарып келатам. Жардам сурап кайрылгандарга жок дебейм-дейт Өмүрбек аба.
Калк колунда төрт түлүктүн саны өсүп, ветеринарларга таңкыстык болуп жаткан азыркы мезгилде Өмүрбек абанын элге тийгизип жаткан пайдасын баалабай коюуга болбос.
М. Эшназаров]]>