-Каныш-Кыя айыл аймагы жардам катары бир тракторду бөлүп берди. Буга кошо эле, эки жеке менчик автомашинага күйүүчү май куюп берди. Жыйынтыгында, отуз тоннадан ашуун акыр-чикир айыл ичинен ташылып чыгарылды-деп кошумчалады Капарбек Исмаилов.
Эскерте кетсек, буга чейин айыл тургундары өздөрү жашаган көчөлөргө гана ишембилик өткөрүп келишсе, быйыл айылдык деңгээлде ишембилик уюштурулуп, башка айылдарга да үлгү болоорлук жумуш аткара алышты.
М.Эшназаров]]>