Машыгуунун биринчи күнү теоретикалык жактан даярдык өтүлдү. Экинчи күнү практикалык машыгуу болуп, анда катышуучулар керектүү техникалардын жардамы менен Чаткал дарыясынын Чаткал райондук электр тармагы ишканасына коркунуч келтирип жаткан бөлүгүн коопсуз багытка буруу боюнча жумуштар аткарылды. Машыгуу учурунда өрт, милиция бөлүмдөрү жана медкызматкерлер машыгуунун жүрүшүн көзөмөлдөп турушту.
Машыгуу аяктаган соң, райондук Жарандык Коргонуу жетекчилиги тарабынан «Жарандык коргонуу кызматтары өз милдеттерин так аткарды» деген тыянак чыгарылды.
Машыгууга он эки мекеме жана он жети даана ар түрдүү техника тартылды.
Бул тууралуу КР. ӨКМнин райондогу өкүлү, капитан Алтынбек Сулайманов билдирди.
М. Эшназаров]]>