Иш чарага кош бойлуу аялдар, активистер Айылдык Ден-соолук Комитеттеринин мүчөлөрү жана ата-энелер катышты.
Иш чаранын жүрүшүндө, SPRING долбоорунун облустагы координатору Динара Боронбаева жана ЖДПБнын ден соолукту чыңдоо бөлүмүнүн башчысы Жайна Нарынбетова баштаган адистер наристелердин туура тамактануусу боюнча кеп-кеңештерди беришти. Буга кошо эле, баланын туура тамактануусу боюнча аталар жана чоң энелер арасында кызыктуу суроо-жооп оюндар болуп, жеңүүчүлөр кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.
Иш чара учурунда Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн жана балдардын райондук музыкалык мектебинин өнөрпоздору катышуучуларга ыр, бийлерден тартуулашты.
Жалпы 63 катышуучу болду.
Иш чара Spring долбоору менен биргеликте өткөрүлүп, каржыланды.
М. Эшназаров]]>