Окутуучунун үйүндө бирге турам. Жай келээри менен жеке үй берүүнү убада кылышты. Бүтүндөй бир айыл үчүн бир мончо, бир фельдшер, жолдор начар, дарыкана, спорттук аянтча, маданий эс алууга шарт жок. Бирок, мында укмуштай таза аба, таңгалаарлык табигый көрүнүштөр, албетте, бул-бийик тоолуу аймак. Айыл да деңиз деңгээлинен төрт миң метр бийиктикте, Талас облусу менен чектешкен жерде. Чакмак-Суу антсе да жаңыланып баратканы кубандырат. Мында көптөгөн жаш үй бүлөлөр бар. Мындагы адамдар азыркы цивилизациянын “жетишкендиктери”менен бузула элек, булар нагыз: жөнөкөй, ак көңүл, кайрымдуу, пенделик терс сапаттардан оолак, мээнеткеч, негизинен үй чарбачылыгы жана жумуш менен алек. Алар менен ар кандай иш чараларды бирге өткөрсө болот. Кытайлык алтын казган ишкананын жардамы менен 180 орундуу мектеп курулган. Жаш директор Бакыт бул иште көп аракеттенген. Ар бир класста 8-12 гана окуучу болсо да, алар билим алууга умтулушуп, ар бир жаңы нерсени өзүнө сиңирип алууга аракеттенишет. Алар сүйкүмдүү жана ишенчээк болушса да, башка тилдерди айтпаганда да, орус тилин эч бир билишпегендиги өкүндүрөт. Мендеги 2-класста эң көп окуучу бар. Анда 22 окуучу, баарысы тең кызыл жүздүү жана көздөрү жанып турат.
Мен бул жашоодо ар нерсеге майдаланбай, бир бүтүн нерсеге кармалуу керектигин түшүндүм. Айылга өз эркимче жана канааттануу менен, адамдарга жардам берүү үчүн келдим. Адамдар менен көп жылдан бери өзүм топтогон тажрыйбамды бөлушүүнү каалайм. А, мүмкүн, чыныгы жашоо деген дал ушунун өзүдүр? Адамдар айылга кайтып келүүлөрү керек, шаарда деген, же жумуш, же турак жок. Мен кээ бир адамдардын жашоого ылайыктуу жактардан Бишкекке келишип, жакырчылыкка кептелип жаткандыктарына түшүнбөйм! Өз айылдарына кайтып барып, фирмаларды, курулуш компанияларын ачуулары керек. Албетте, бул үчүн жакыш иштеп жана ага ылайык, жергиликтүү айыл өкмөттөр бардык маселелерин чечип берүүлөрү керек. А жер, таза, тунук аба жана суу-биздин башкы байлыгыбыз эмеспи?! Кыргыз ишкерлери, Өкмөтүбүз өз жери тууралуу кам көрүшүп, адамдардын иштеши жана жашашы үчүн жакшы шарттарды түзсө жакшы болмок. Анан албетте, алар айылдарга кайтып келишмек.
Даярдаган: Елена Баялинова]]>