Кабар

Жаш балбандар күч сынашты

16

IMG-20180326-WA0009 IMG-20180326-WA0007 Мелдештин соңунда, калыстардын чечими менен 26 салмактык бөлүктө 1-орун Өмүрбеков Автандилге (Айгыр-Жал), 2-орун Байышов Автандилге (Жаңы-Базар), 3-орун Мамыров Нурлан жана Кумашов Жумадилге (Айгыр-Жал) ыйгарылды. 29 кило салмактык бөлүктө 1-орунга Кутбидинов Нурдөөлөт (Айгыр-Жал), 2-орун Манасов Тимур (Коргон-Сай), 3-орун Тургунбеков Жумадил (Коргон-Сай) жана Токтоматов Нурадил (Коргон-Сай) ээ болду. 32-кило салмактык бөлүктө 1-орунду Асан уулу Мунарбек (Башкы-Терек), 2-орунду Наркул уулу Исабек (Айгыр-Жал), 3-орунду Абдилажонов Фарух (Жаңы-Базар) жана Наралиев Бекболсун (Коргон-Сай) ээлешти. 36 кило слмактык бөлүктө 1-орун Кутбидинов Шамшар (Айгыр-Жал), 2-орун Үмөтбек уулу Алмаз (Айгыр-Жал), 3-орун Жуманалиев Элмирбек (Айгыр-Жал) жана Осмон уулу Адилетке (Жаңы-Базар) берилди. 40 кило салмактык бөлүктө 1-орун Кубанычбек уулу Бекболсун (Каныш-Кыя), 2-орун Кутбидинов Шамшар (Айгыр-Жал), 3-орун Замирбай уулу Баел (Башкы-Терек) жана Самарбеков Бекболотко (Каныш-Кыя) берилди. 44 кило салмактык бөлүктө 1-орунду Уланбек уулу Хантеңир (Айгыр-Жал), 2-орунду Акжол уулу Дилмурат (Каныш-Кыя), 3-орун Тагаев Байзак (Жаңы-Базар) жана Асанбеков Албан (Каныш-Кыя) ээлешти. 49 кило салмактык бөлүктө 1-орун Мусабеков Темирлан (Жаңы-Базар), 2-орун Сүйүнбай уулу Аскар (Башкы-Терек), 3-орун Абдыганыев Нурлис жана Өмүрбек уулу Курманбек (Каныш-Кыя) ыйгарылды. 54 кило салмактык бөлүктө 1-орунга Нарбеков Алмаз (Жаңы-Базар), 2-орунга Айтыкул уулу Осмон (Жаң-Базар),  3-орунга Акышов Майрамбек жана (Айгыр-Жал) менен Жанузак уулу Калыйнур ээ болду. 59 кило салмактык бөлүктө 1-орун Орозбек уулу Кутболсун (Айгыр-Жал), 2-орун Турсунбек уулу Нукен (Каныш-Кыя), 3-орун Алишер уулу Айбек (Жаңы-Базар), жана Абдыжапаров Жумадил  (Каныш-Кыя) ээледи. 67 кило салмактык бөлүктө 1-орунга Тургунбеков Турат (Башкы-Терек), 2-орунга Эшалиев Кылычбек (Жаңы-Базар), 3-орунга Ашыркул уулу Азамат (Каныш-Кыя) жана Советбек уулу Нурсейит (Жаңы-Базар)  ээ болушту. 75 кило салмактык бөлүктө 1-орун Ашыркул уулу Амат (Каныш-Кыя),  2-орун Тургунбеков Турат (Башкы-Терек), 3-орун Назаркулов Бекбол (Башкы-Терек) жана Алтынбек уулу Айдар (Айгыр-Жал) ээлешти. Кошумчалай кетсек, мелдеш Башкы-Терек орто мектебинин машыктыруучусу Орозов Арстаналынын демилгеси менен өткөрүлдү. Ал эми, мелдешти өткөрүүгө Каныш-Кыя айыл аймагы беш миң сом жана «Кичи Чаарат» фирмасы он миң сом акчалай колдоо көрсөтүштү. М. Эшназаров  ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь