Билим берүү

Ар тараптуу мугалим Аида Сыдыкова тууралуу

89

Аида Сыдыкованын сүрөтүБул иш-чарага 8 окуучу апалары менен биргеликте катышты. «Китеп балага дүйнөнү таанытат, аалам сырын ачып берет» демекчи, окуучулар апалар менен бирге китеп окуп, окуган чыгармалардан үзүндүлөрдү аткарып, сахнадан орун алышты. Катышуучулар;

  1. Ханзаада, таенеси Каличабүбү менен
  2. Даниель, эжеси Айзирек менен
  3. Жумадина, апасы Жайнак менен
  4. Кызжибек, апасы Анара менен
  5. Бекмырза, апасы Нургүл менен
  6. Аделя, апасы Вероника менен
  7. Гүлниса, апасы Кайыргүл менен
  8. Айчүрөк, апасы Гүлназина менен.
Катышуучуларды тааныштырып, Сыдыкова Аида маалымат берип өттү. «Апам жана мен» аттуу сынактын программасы төмөндөгүдөй болду;
  1. Саламдашуу. Окуучулар менен апалар өздөрү жөнүндө маалыматтарды айтышат.
  2. Каармандар бизге мейманда ( окуган чыгармадан аткарып беришет)
  3. Эне жөнүндө обондуу ырлар.
  4. Макал улоо (мугалим макалдын башын айтат, окуучулар улантат)
  5. Түстүү кагаздар менен иштөө (апалар менен бирге жасашат)
  6. «Табышмактуу алмалар» (Логикалык суроолор, табышмактар)
  7. Оюн (өз апасын табуу)
Калыстар тобунун курамы төмөндөгүдөй болду:
  1. Бейшенбаева Аида – кыргыз тили, адабияты мугалими
  2. Молдалиева Наргиза – жеке ишкер
  3. Орозбаева Канышай – айылдык китепкана башчысы
Берилген суроолорго жооп берүүсүнө, аткаруу чеберчилигине карап, катышуучуларга жогорку упай 3 деген баалар менен белгиленди. Мугалим Аида Сыдыкова апаларды майрамы менен куттуктап, арноо-каалоо ырларды окуду. Ар бир окуучу, ар бир апа берилген тапшырмаларды тыкан, так аткарууга жетишип,  сабактын акырында жеңүүчүлөр белгиленди. Бугунку өткөрүлгөн класстан тышкаркы иш-чара ата-энелер жана башталгыч класстын окуучулары үчүн кызыгууну туудурду деп айта алам. Аида Жапановна жетектеген 3-класстын ата-энелер комитети Ибраимова Жайнак, Молдобекова Кайыргүл  кеченин сонунда ыраазычылык сөзүн мугалимге билдирип, эжекеге мындан аркы түйшүктүү ишинде ийгиликтерди каалашты. Кеченин жыйынтыгында калыстар тобу тиешелуу номинацияларды, байгелуу орундарды төмөндөгүдөй ыйгарышты; 1-орун: Төлөгөнова Гүлниса жана апасы Кайыргүл (15 упай менен) 2-орун: Шайманова Айчүрөк жана апасы Гүлназина   (13 упай менен) Малайбекова Кызжибек  жана апасы Анара  (13 упай) 3-орун: Өскөнбаев Бекмырза жана апасы Нургул  (12 упай менен) Мындан сырткары аткаруу чеберчилигине, тапкычтыгына карап, төмөндөгүдөй номинациялар ыйгарылды: Адылбеков Даниелге “Мырзы жигит»,  Мусурманкулова Ханзаадага «Мыкты аткаруучу»,  Шекербекова Аделяга «Булбулдай ырчы»,  Дуйшобаева Жумадинага «Шамдагай кыз» номинациялары ыйгарылды. «Билим – бул тарбия, ар бир баланын ийгилиги, мугалимдин ийгилиги» дегендей бул класстан тышкаркы ишти даярдоодо мугалимдин эмгеги чоң деп ойлойм. Сыдыкова Аида эжеке бул мезгилге чейин мындан башка дагы  ийгиликтерди жаратып келген. Өткөн үлгүлүү сабактары учурунда  райондук денгээлде жайылтылган. Ата-энелер менен тыгыз байланышта иш алып барып, 2009-жылы ата-энелер арасында «Даткайым» сынагын өткөргөн. 2012-жылы ата-энелер арасында «Ата-апам жана мен» сынагын өткөрүп, ата-эне жана окуучу, ата-эне жана мектеп ортосундагы байланышты чыңдоодо өз саламын кошуп келген. 2013-жылы өз каражаты менен жолдошунун демөөрчүлүгү аркасында ардагер мугалим Абдыкеримов Ашыркул атындагы автордук кабинет ачкан. Сыдыкова Аида Жапановнанын эмгектери бааланып, райондук, областтык «Ардак Громаталар» менен сыйланган. М. Эшназаров. КР. Журналисттер кошуунунун мүчөсү. Чаткал району]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь