Кароо-сынак жогорку уюшкандыкта өтүп, соңунда калыстардын баалоосу менен 1-орун Жаңы-Базар айылынан келген Талантбек кызы Айгеримге ыйгарылып. I-даражадагы Диплом жана 5000 сом акчалай байге менен сыйланды. 2-орун Шакафтар айылынан келген Айтурган Эгеновага берилип, II-даражадагы Диплом жана 3000 сом акчалай байгеге ээ болду. 3-орунга Терек-Сай айылынын катышуучусу Айдана Мамырбекова ээ болуп, III-даражадагы Диплом жана 2000 сом акчалай сыйлык менен сыйланды. Ал эми, Айгыр-Жал айылынын катышуучусу Айжамал Сатымкулова «Сахна жылдызы», Кызыл-Токой айылынын катышуучусу Бибигүл Апсамат кызы «Үлгүлүү кыз», Сумсар айылынын катышуучусу Айнагүл Ташматова «Ажарлуу айым», Курулуш айылынын катышуучусу Жаңылай Салиева «Бийкеч» номинацияларына ээ болушту.
Эскерте кетсек, «Чаткал периси-2018» кароо-сынагы раймамадминистрация, райондук маданият бөлүмү жана райондук жаштар кеңеши тарабынан уюштурулуп, райондогу төрт айыл аймак тарабынан каржыланды.
М. Эшназаров]]>