Билим берүү

Видеокөзөмөл билим сапатына зор пайда берүүдө

20

видеокөзөмөл DSC_0974 видеокөзөмөл DSC_0977видеокөзөмол DSC_0856 — копия видеокөзөмөл 1 видеокөзөмөл 2 видеокөзөмөл DSC_0954 видеокөзөмөл DSC_0958 видеокөзөмөл DSC_0981 Видеокөзөмөлдүн мектептин жалпы эле ички тартибине зор таасири бар экендигин айткан мектептин директору Бактыбек Турсункулов-Видеокамераларды сатып алууга мугалимдердин «Алтын казына» фондунан жалпысынан 75 миң сом акча каражаты жумшалган. Видеокөзөмөл орноткондон бери окуучулар арасында гана тарип маселеси оң жолго коюлбастан, мугалимдерибиздин да сабак өтүүсүндө активдүүлүгү артты. Себеби, ар бир класста сабак кантип өтүлүп жаткандыгы  директордун кабинетиндеги жалпы монитордон көрүнүп тургандыктан, мугалимдер да сабак учурунда себепсиз сабакты таштап, сыртка чыгып кете алышпайт. Мындан сырткары, чарбалык, же башка жумуштар менен 2-3 күнгө кетип калсам да, видеокөзөмөлдү кайра артка түрдүрүп, директор жок кезде мектепте  кандай иштер болгондугун көрүп алам. Бул мектептеги тартипти өз деңгээлинде кармап турууга чоң жардам  берет экен. -дейт. Бүгүнкү күндө мектепте 136 окуучу билим алууда. Кеп соңунда, башка мектептер да Чакмак-Суу мектебинен үлгү алып, сырттан колдоо күтүп  олтурбай эле, өздөрүнүн  ички каражаттарын туура пайдалануу менен, мектептин жалпы ички тартибин оң жолго коюп алышса болоор деген изги тилекти айткыбыз келет. М. Эшназаров.  ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь