Сармерденде жигиттер тарабы комуздун коштоосунда дастан жана элдик ырларды аткарууда өздөрүнүн мыктылыгын көргөзүшсө, кыз-келиндер тарабы элдик ырларды ийине жеткире аткаруу менен элдин кызуу кол чабуусун жаратышты. Тактап айтканда, жигиттер тобунан дастанчы Нооруз Анарбек уулу жана Нурсултан Наралы уулу, ал эми кыз-келиндер тобунан Гүлүмжан Мамакеева, Айгүл Ботобекова жана Махабат Кайыпкуловалар өз өнөрлөрү менен көрүүчүлөрдүн купулуна толушту.
Иш чаранын соңунда көрүүчүлөр Сармердендин уюштуруучулары-Каныш-Кыя айылдык маданият үйүнүн башчысы Нооруз Анарбек уулуна жана Абдырайым Мамадалиев атындагы Айгыр-Жал айылдык маданият үйүнүн усулчусу Гүлүмжан Мамакеевага жана иш чараны өткөрүүгө каражат жагына колдоо көрсөткөн Каныш-Кыя айыл аймагына ыраазылык билдиришти.
М. Эшназаров]]>