Бул тууралуу “Чаткал жаштарынын жолугушуу” кечесинин уюштуруу комитетинин төрагасы, Каныш-Кыя айылдык кенештин депутатты Айбек Кудайкулов билдирди.
Кечеге чаткалдык жаштар менен бирге эле, борбордо мамлекеттик кызматтарда жана бизнес чөйрөсүндө иштеген чаткалдык инсандар да катышып, өздөрүнүн жылуу сөздөрүн айтышты.
Жолугушуу кечеси ак дасторкондун четинде, белгилүү ырчылардын коштоосунда өттү. Белгилей кетсек, көптөн бери Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын атынан Чаткал районунан чыккан республикалык ЖОЖдорунда мыкты окуган студенттерге, республикалык деңгээлде ийгилик жараткан спорт чеберлерине, коомдук-маданий иштерде активдүүлүгү менен айырмаланган жаштарга стипендия берүү конкурсттук программасы ишке ашырылып, стипендиялар жана Грамоталар Чаткал райондук администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиевдин атынан ыйгарылып келе жатат. Стипендия берүү боюнча конкурстун программасынын талаптары толук көрсөтүлүп, социалдык тармактар аркылуу коомчулукка жарыяланган.
Жыйынтыктап айттканда, конкурска талапкерлердин документтери кабыл алынып, атайын түзүлгөн комиссия тарабынын төмөнкү студенттер Чаткал райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдин стипендиясына татыктуу деп табылып, кеченин жүрүшүндө тапшырылды. Алар:
Терек-Сай айылынын тургуну, Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын 4-курсунун студенти Жаналиева Жумасия Нуралиевна, республикалык жана эл аралык спорттук мелдештерде алгылыктуу жыйынтык көрсөтүп кичи мекенибизди башка өлкөлөргө таанытууга кошкон салымы үчүн Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия спорт академиясынын студенти, Жаңы-Базар айылынын тургуну Мамыров Артурбек Нурканович, республикалык коомдук иш-чаралардагы мыкты уюштурууда окуудагы ийгиликтери үчүн Ош технологиялык университетинин 4-курсунун студенти, Сумсар шаарчасынын тургуну Улукбек уулу Нурбек, райондук республикалык жана эл аралык спорттук мелдештерде ийгиликтүү жыйынтык көрсөтүп кичи мекенибизди башка өлкөлөргө таанытууга кошкон салымы үчүн Ош мамлекеттик университетинин студенти, Коргон-Сай айылынын тургуну Өскөнбаев Мыктыбек Бакытбекович акчалай сыйлыктар жана атайы сертификат мнен сыйланышты.
Ал эми, «Жаркын келечекке багыт» коомдук жаштар бирикмесинин активдүү мүчөлөрүнүн коомдук иштерге активдүү катышып, жаштар арасындагы биримдикти чыщдоого кошкон алгылыктуу иштери жана кичи мекенине кошкон салымы үчүн Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын “Алкыш” баракчасы менен Каныш-Кыя айылынан Кыргыз Улуттук концерваториясынын студенти Асылбеков Билал, Кыргыз Мамлекеттик медициналык академиясынын студенти Барпиева Айгерим, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 3-курсунун студенти Имашова Айназик Ак-Таш айылынан Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия спорт академиясынын 4- курсунун студенти Айтбеков Мелис, Курулуш айылынан Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук Университетинин 3-курсунун студенти Ашыркулова Аида, Шекафтар айылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин 4-курсунун студенти Абдымалик кызы Самаралар сыйланышты.
Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Ж.Жолдошевдин атынан окуудагы жетишкен ийгиликтери жана жаштар арасындагы коомдук иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Каныш-Кыя айыл аймагынын “Ардак Грамотасы” менен Чакмак-Суу айылынын тургуну Искенов Урмат, Абдыкайым кызы Айтурган, билим жана илим тармагындагы жетишкен ийгиликтери үчүн Кыргыз Республикасынын алдындагы башкаруу академиясынын студенти Коргон-Сай айылынын тургуну Дөөлөтова Гулиза, окуудагы жетишкен ийгиликтери жана коомдук – маданий иштерге активдүү катышкандыгы үчүн Айгыр-Жал айылынын тургуну Тургуналы кызы Сурмакан, спорт тармагындагы жетишкен ийгиликтери жана уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү үчүн Каныш Кыя айылынын тургуну Айтиев Эрнисттер сыйланышты.
М. Эшназаров]]>