Чаткал районунун Кызыл-Токой айылынын имамы Бүркүтбаев Раталы Атабаевич зекет чогултуу иш чарасын уюштуруп, колунда бар жергиликтүү тургундардан 24 кой 30 миң сом акча чогултуп, 5 жетим-жесир, 6 аз камсыз болгон үй-бүлөгө жана ошондой эле майыпттарга таратып бергендигин / райхатиб Кубанычбек ажы Токонов билдирди. Бул тууралуу Muftiyat.kg сайты кабарлады.
Эске салсак, Раталы Бүркүтбаев 2015-жылы 12 кой-эчки, 2016-жылы 43 кой-эчки жана 15 миң сом берсе, 2017-жылы 24 кой чогултуп, муктаждарга таркаткан. Ал эми облустук казыят мындай кайрымдуулук иштерин активдүү уюштуруп, аз камсыздарга жардам берип жаткандыгы үчүн Чаткал районунун Кызыл-Токой айылынын имам хатиби Бүркүтбаев Раталыга ыраазычылык баракчасын тапшырган.
Бул тууралуу аталган сайтка Жалал-Абад казыятынын маалымат катчысы А.Хаджибеков билдирген