Чакмак-Сууда жаңы мектеп ачылды

ч 1 ч 2ч 3ч 4ч 6 ч 5 Азем алдынан алгач мектептин кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилип,  келген коноктор мектептин ички абалы менен таанышышты. ч 7ч 8 ч 9Андан соң, салтанаттуу жыйын болуп, жыйын учурунда райондук мамлекеттик администрация жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан мектептин курулушуна тикелей колдоо көрсөткөн инсандарга «Ардак Грамоталар»  тапшырылды. Мындан сырткары,  район акими Канжарбек Эшалиев  баштаган райондук жетекчилер тобу жана коноктор куттуктоо сөздөрүн айтышып, акчалай жана материалдык жардамдарын тапшырышты. Жыйынтыгында, мектепке 113500 сом акча, 2 баш кой, 7 баш козу, 1 даана телевизор жана наркы 70 миң сомдук 1 даана үн күчөткүч аппаратура түштү. Аземге катышкан коноктор жана айыл тургундары мектептин салынышына түздөн-түз салым кошкон райондук жетекчиликке, «Кичи Чаарат» фирмасынын жетекчилигине жана «Асаба» ЖЧКсына ыраазылыктарын билдиришти. Эскерте кетсек, мектептин курулушуна «Кичи Чаарат» фирмасы тарабынан 27 млн. сом берилген. М. Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *