Канжарбек Эшалиев сөз сүйлөп, Таалай Бектургановдун чыгармачылыгына арналып, райондо бир топ маданий иш чаралар өткөрүлгөндүгүн жана кезегинде кыргыз элине белгилүү «Таалай элеси» эстрадалык тобу да маркум Таалай Бектургановдун чыгармаларын өчүрбөө максатында уюшулгандыгын белгилеп, бүгүн маркум Таалай Бектургановдун жаркын элесин түбөлүккө калтыруу максатында район борборунун борбордук көчөлөрүнүн бирине ыйгарылып жаткандыгын айтып өттү.
Ал эми, Жаңы-Базар айылынын аксакалдар кеңешинин төрагасы Абдылда Кыдыров эгер маркум Таалай Бектурганов тирүү болгондо кыргыздын Высоцкийи болмоктугун белгиледи.
Мындан сырткары, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев, маркумдун бир тууган эжеси Ажар Бектурганова, классташы Дуйшон Райымбековдор эскерүү сүйлөштү.
Андан кийин маркум Таалай Бектургановдун ысмы жазылган тактайчанын кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилди.
Салтанат соңунда катышуучуларга ысык чай берилип, маркум Таалай Бектурганов тууралуу тартылган тасма көрсөтүлдү.
М. Эшназаров]]>
Негизки