Кулактандыруулар

Кулактандыруу!

12

Чаткал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы төмөнкү  бош кызмат ордуна сынак жарыялайт. Жетектөөчү адис-1 орун Квалификациялык талаптар: 1. Жогорку кесиптик деңгээли; Тийиштүү багыттагы жогорку билими (гуманитардык, юридикалык, экономикалык, техникалык жана социалдык иш жүргүзүү боюнча) 2. Иш стажы жана тажрыйбасы: иш стажына талап коюлбайт 3. Кесиптик компетенциялары: Төмөнкүлөрдү билүүсү:  КРнын кодекстери жөнүндө: КРнын үй бүлөлүк, балдар, жарандык жана КРнын кылмыш кодекси (балдар бөлүмү боюнча), КРнын мыйзамдары, ратификациялар, конвенциялар, ата-энесинин багуусунан калган балдарды колдоо боюнча КРнын токтомдору, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды багып алуу боюнча жоболорду Билгичтиги: Жогорку турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу, документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо, кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу, жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо, мамлекеттик же, расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу, ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу,  компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон болгон программаларды колдоно билүү. Мамлекеттик кызматчыга коюлуучу талаптар:  -Кыргыз Республикасынын жараны  болуусу , -Мамлекеттик кызмат үчүн жаш курагы 21 жаштан жогору болуусу тийиш. Сынакка катышуу үсүн керектелүүчү документтер:  -Бош кызмат ордун көрсөтүү менен конкурстук комиссиянын төрагасынын атына арыз, -Кадрларды эсепке алуу боюнча баракча, сүрөтү менен, -резюме, өмүр баяны -паспорт, аскердик билетинин көчүрмөлөрү -дипломдун көчүрмөсү, эмгек стажы болсо, эмгек китепчесинин көчүрмөсу, (нотариустан же иштеген жериндеги кызматчыларды башкаруу кызматы тарабынан күбөнлөндүрүлөт.) -Документтерди кабыл алуу жарыя сайтка чыккан күндөн баштап 10 жумушчу күн ичинде жүргүзүлөт. Документтерди кабыл алуу дареги: Чаткал району, Каныш-Кыя айылы, Чаткал райондук социалдык өнүгүү башкармалыгы. Байланыш тел: (03749) 3 00 50, 0779 76 10 56  Эскертүү: Квалификациялык талаптарга жооп берген талапкерлерге сынактын өтө турган күнү боюнча кошумча маалымдалат.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь