Иш чара соңунда ар бир катышуучуга белектер берилди.
Эскерте кетсек, райондогу эң кары жашоочу Зуура Токторалиева эне Каныш-Кыя айыл аймагынын Айгыр- Жал айылында жашайт. Быйыл 102 жашка чыккан энеге жыл сайын айыл аймагы тарабынан камкордук көрүлүп келет. Быйыл да Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан Токторалиева Зуура энеге алдыдагы кышка карата көмүр жана жыгач отун жаатында камкордук көрүү максатталууда. Бул тууралуу айыл аймактын кызматкери Токтобү Дубанаева билдирди.
М. Эшназаров]]>