Белгилүү коомдук ишмердин ысымы көчөгө ыйгарылды

кошалиев 3 кошалив 4 кошалиев 2 кошалиев 6 кошалиев 7 кошалиев 8кошалиев 1 Аземге район акиминин орун басары Муратбек Досматов, Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошев, маркум Корчубек Кошалиевдин кызы Алиман Кошалиева баштаган уул-кыздары жана айыл тургундары катышты. Аземде, алгач коомдук ишмер Корчубек Кошалиевдин басып өткөн бараандуу эмгек жолу калкка тааныштырылып, келген коноктор эскерүү сөздөрүн айтышып, соңунда маркумга багышталып куран окулду. Андан соң, көчөнүн кызыл тасмасы салтанаттуу түрдө кесилип, катышуучулар тарабынан маркум Корчубек Кошалиевдин уул-кыздарына алкоолор айтылды. Корчубек Кошалиевдин уул-кыздары да сөз кезегинде көчөгө Корчубек Кошалиевдин ысмын ыйгаруу демилгесин колдогондугу үчүн Каныш-Кыя айылдык кеңешине ыраазылыктарын билдиришти. М. Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *