Билим берүү

Балдардын жаңы эс алуу жайы ачылды

57

20170705_131544 20170705_131803 20170705_132211 20170705_132500 20170705_133308 20170705_133132 20170705_133459 20170705_110224 20170705_105102 20170705_105057 Ачылыш аземинде район акими Канжарбек Эшалиев буга чейин райондо бир гана «Орленок» эс алуу жайы болгондугун жана ал район борборунан 200 чакырым алыс болгондуктан, район борборуна жакын, ыңгайлуу тоо койнуна жаңы балдар эс алуу жайы ачылгандыгын айтты. Ыйгарым укуктуу өкүл Рысбек Ызабеков облуста азыркы кезде 18 балдар эс алуу жайларында 3 миңдей балдар эс алып жаткандыгын, алыскы тоолуу райондо балдар эс алуу жайы ачылып жаткандыгы чоң жетишкендик экендигин белгиледи. Башка коноктор да куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, балдар эс алуу жайына ийгилик каалашты. Аземдин жүрүшүндө, райондо буга чейин бир топ мектеп жана бала бакчалар курулуп, райондун билим берүү тармагында чоң жетишкендиктер болуп келе жаткандыктан, Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиевге аталган иштерге кошкон түздөн-түз салымы үчүн ыйгарым укуктуу өкүл Рысбек Ызабеков «Эл агартуунун отличниги» төш белгисин тапшырды. Жаңы ачылган балдар эс алуу жайында 50 бала 10 күн эс алышат. Балдардын биринчи агымы эс алып кеткен соң, экинчи агымын кабыл алуу күтүлүүдө. Бул жер мурда эс алуу жайы болгон, эми балдар эс алуу жайына айландырылды. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь