Областтык ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги А. Мамасеитов райондук ички иштер бөлүмүнүн өздүк курамы менен таанышуунун алдында райондук ички иштер бөлүмүндө көп жылдан бери эмгектенип келе жаткан РИИБнүн казына башчысы Турсунбаева Гүлчехра Хамидовнаны Кыргыз Милициясынын “90-жылдык” төш белгиси медалы менен сыйлады. Ал эми Чаткал райондук патрулдук милиция бөлүмчөсүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана коопсуздукту камсыздоодо ыкчам чараларды жүргүзүү үчүн ВАЗ-2107 үлгүсүндөгү автоунаасын тапшырды.
Өздүк курам менен болгон жолугушуу учурунда ОИИБнын башчысы, милициянын полковниги А. Мамасеитов кызматкерлердин жашоо шартына, кызмат орундары жана кызматкерлердин окуу деңгээлине терең токтолуп, кенже курамдын кызматкерлерин жогорку окуу жайларга тапшыруусуна, ар бир кызматкердин жогорку кесиптин ээси болуусу керектигин айтып өттү. Ошону менен катар эле өздүк курамдын жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгүнө баа берип, атуулдар менен кылдат жана сылык мамиледе болуп, райондук мамлекеттик администрация жана айыл аймактарынын кызматкерлери менен тыгыз байланышта иш алып баруусуна токтолуп, РИИБнүн кызматкерлеринин берген суроолоруна жооп берип, муктаждыктарын чечүүгө убадасын берди.
О. Өскөнбаев, РИИБнүн башчысынын кесиптик жана дене-тарбия боюнча орун басары, милициянын подполковниги.]]>