Алсак, өткөн 2016-жылда 25 аз камсыз болгон үй бүлөгө күнөскана курулуп берилип, бул иштерге 500 миң сом акча каражаты жумшалган эле. Быйыл да бул алгылыктуу иштер улантылууда. Тактап айтканда, 300 миң сом акча каражаты бөлүнүп, Каныш-Кыя айыл аймагына караштуу Чакмак-Суу айылынан 3, Башкы-Терек айылынан 1, Коргон-Сай айылынан 2, Айгыр-Жал айылынан 6, Каныш-Кыя айылынан 7, жалпысы 19 аз камсыз болгон үй бүлөгө күнөскана курулуп берилди.
Жалпысынан алганда, өткөн жылдан бери Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан аз камсыз болгон 44 үй бүлөгө бекер күнөсканалар курулуп берилип, жалпы жүзгө жакын тургун жумуш менен камсыздалды. Кошумчалай кетчү нерсе, күнөсканага ээ болгон үй бүлөлөр помидор жана бадыраңдын уруктары менен жетиштүү түрдө бекер камсыздалды.
М. Эшназаров]]>