Мында, райондук билим берүү бөлүмүнүн кызматкерлери жана мугалимдер фольклордук жана эстрадалык жанрда обондуу ырларды созолонтушуп, комузчулар жана ооз комузчулар күүлөрдү чертишип, дастанчылар кыргыз дастандарынан аткарышып, көрүүчүлөргө эстетикалык зор ырахат тартуулашты.
Иш чаранын программасына ылайык, ыр жана бийлер менен бирге эле, кыргыз элинин жогоруда аталган улуттук маданий баалуулуктары сахналаштырып тартуулануу менен, көрүүчүлөргө жакшы таасир калтырды.
Иш чаранын соңунда, “Ыр кесе” кезеги райондук жалпы дарыгерлик практикалык борборуна салтанаттуу түрдө тапшырылды.
-Биз Жанчар хан жана Күлбөс хандардын тоюн баштап бердик. Эми, бул тойду жыл соңуна чейин улантып, элибиздин улуттук маданиятын колдоп, даңазалап алалы-деди ыр кесени тапшырып жатып райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов.
Эскерте кетсек, райондук билим берүү бөлүмү “Ыр кесени” 15-майда райондук № 46-кесиптик лицейинен өткөрүп алган эле.
М. Эшназаров]]>