Долбоорлор

Чаткал айыл аймагында суугат каналдары тазаланууда

54

IMG_20170517_165340 IMG_20170517_165309 IMG_20170517_185139 IMG_20170517_184640 Мындан сырткары,  айыл аймактын Ак-Таш айылында да узундугу 7 чакырым келген суугат каналын тазалоо иши алып барылууда. Бул суугат каналы толук тазаланып, кеңейтилген соң, буга чейин суугат суусу жетпеген Чоң-Сай жана Жандама участкаларындагы жалпы 85 га айдоо жер аянты суулуу жерге айланат. Буга кошо эле, суугат суусу жетишсиз болуп келген Салык-Булак участкасындагы 90 га айдоо жер аянтына да суугат суусу толук жете баштайт.  Жалпылап айтканда, 175 га айдоо жер аянты суугат суусу менен толук камсыз болот. Бул тууралуу Чаткал айыл аймагынын башчысы Бактыбек Исабеков билдирди.  Ал-Салык-Булак участкасына жергиликтүү тургундар көп жылдык тоют өсүмдүктөрүн эгишет. Ал эми, жаңыдан суу жеткирилип жаткан Чоң-Сай жана Жандама участкаларындагы 85 га айдоо жер аянтына келерки жылы буудай себүүнү максат кылуудабыз-деп кошумчалады. Чандалаш айылына барчу суугат каналы өткөн жумада тазаланып, кеңейтилген. Белгилей кетчү нерсе,  жогоруда аталган иштер айыл аймактын бюджеттик каражаттарын үнөмдөө аркылуу ишке ашырылууда. Ал эми, каналдарды тазалоого айыл аймакта иш жүргүзгөн “Консалитед Аурум” фирмасынын оор техникалары пайдаланылууда. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь