Иш чарада буга кошо эле, жалал-абаддык белгилүү калемгер Мубара Латипова, чаткалдык белгилүү калемгерлер Зуура Накетаева жана Мухамедалы Эшназаровдор менен чыгармачылык жолугушуу болду. Жолугушуунун жүрүшүндө жаш калемгерлердин арасында сынак болуп, жеңүүчүлөргө облустук китепкананын башчысы Сейилкан Аталиева жана белгилүү калемгер Мубара Латипова “Ардак Грамоталарды” жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылды.
Ал эми, мыкты акын катары Зуура Накетаева жана мыкты китеп катары акын жана журналист Мухамедалы Эшназаров тарабынан тузүлгөн “Чаткал таланттары-1” чыгармалар жыйнагы табылып, аталган калемгерлер облустук китепкана тарабынан “Ардак Грамоталарга” ээ болушту.
Иш чаранын соңунда, катышуучулар облустук китепкананын башчысы Сейилкан Аталиева баштаган “Китеп кербени” иш чаранын уюштуруучуларына ыраазылык билдиришти.
М. Эшназаров]]>