Маданият

"Ыр кесе " маданий иш чарасы башталды

72

IMG_20170512_161233 IMG_20170512_162936 IMG_20170512_165024 IMG_20170512_175530 IMG_20170512_175652 IMG_20170512_165534 IMG_20170512_180756 Иш чаранын жүрүшүндө, кыргыз үйүнүн келбетинде сахна жасалгаланып, алты бакан селкинчек жасалып, кыргыз элинин унутулуп бараткан топ таш ойноо, камчы, жүгөн өрүү, ээр чабуу устачылык өнөрлөрү чагылдырылып, жаштар арасында “Ыр кесе” оюну аткарылды. Мында, катышуучулар бири-бирине ыр кесе сунушуп, улуттук жана заманбап ырлардан аткарышып, комузда кол ойнотуп, күү чертишип, заңкылдатып дастан айтышып, көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабуусун жаратышты. Иш чаранын жүрүшү сүмөлөк бышыруу менен коштолуп, ак элечек кийген энелер сүмөлөк бышырышса,  ак чепкенчен аталар көрүүчүлөргө ак баталарын беришип, кыргыздын нарктуулугун даңазалашты. Иш чарага район акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук мекеме, ишканалардын жетекчилери күбө болушту. Иш чаранын соңунда, “Ыр кесе” маданий оюн-зоок иш чарасын өткөрүү кезеги райондук билим берүү бөлүмүнө салтанаттуу түрдө өткөрүлүп берилди. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь