Жергиликтүү кабарлар

Коомдук угуу болду

37

коомдук угуу IMG_20170515_112032коомдук угуу IMG_20170515_112100турат чаарат IMG_20170515_143402IMG_20170515_135001коомдук угуу IMG_20170515_111549 Коомдук угуунун катышуучулары берилген маалыматта айтылган айрым маселелер боюнча суроолорду беришти. Ө. Токтогулов фирмалар тарабынан медициналык жогорку окуу жайларында окуп жаткан студенттердин окуудагы жетишкендиктерине жана кайсы багыттагы кесипте окуп жаткандыгына кызыгып, бул маселени текшерип коюу керектигин сунуштады. Район акими К. Эшалиев   сунуш эске алынаарын айтып, 3-4 жылдай мурда чаткалдык улан-кыздарды геологиялык кесиптерге окутушуп баштап, азыр медициналык кесиптерге гана окутушуп жаткандыгын белгилеп, мунун себеби, геолог кесибин алгандар өздөрү үчүн гана иштешсе, медициналык кесипке ээ болгондор жалпы калкка кызмат кылышаарын белгиледи. Уул-кыздарын фирмалар тарабынан медициналык окуу жайларда окутуп жаткан ата-энелер аларды жакшы окууга үндөө керектигин айтты. Ал эми, Ж. Накетаев студенттердин окуудагы жетишкендиктери тууралуу окуу жайлардын жетекчиликтери аркылуу билип, эгер студент начар окуп жатса, анда фирмалар аркылуу алардын окууларын каржылоону токтотууга  чейин баруу керектигин кошумчалап, мындай терс кадамга барбоо үчүн, студенттер жакшы окуулары керектигин айтты. Андан соң, алгач сөз алган Чаткал айыл аймагынын Ак-Таш айылында иштеп жаткан “Ет Гео” фирмасынын өкүлү Замирбек Сейталиев жергиликтүү калктын суроо-талаптарын аткарууга даяр экендиктерин айтып, кыш мезгилинде Чаткал айыл аймагына жүз миң сом акчалай жана мындан сырткары техника жаатында жардам беришкендигин билдирди. Мындан сырткары, Ак-Таш айылынын Маданият участкасына курулчу көпүрөгө жардам катары беш миллион сом акча каражатын беришээрин билдирди. Катышуучулар З. Сейталиевден фирмага дагы канча жумушчу алышаары тууралуу суроолорду узатышып, так жооп беришин талап кылышты. З. Сейталиев фирмага керектүү техникалар эми келээрин, алар келген соң, канча жумушчу керектелээри билинээрин айтты. “Консолитед Аурум” фирмасынын өкүлү Тынчтыкбек Абдырахманов Чандалаш айылындагы “Ботобай Шерматов” атындагы башталгыч мектепке компьютер алып беришкендигин, Орусияда иштеп жүрүп, кырсыкка кабылган Э. Шайбековго элүү миң сом акчалай жардам беришкендигин, тактап айтканда, Чаткал айыл аймагына колдон келген жардамдарын берип келаткандыгын билдирип, былтыр Жаңы-Базар айылына жетимиш беш орундуу бала бакча куруу иштерин колго алышкандыктарын жана быйыл курулуш иштерин улантып, бакчанын имаратын толук бүтүрө албаса да, дубалын тургузуп, чатырын жаап беришээрин билдирди. “Вертекс Голд Компани” фирмасынын өкүлү Раатбек Ниязалиев өткөн 2016-жыл ичинде фирма 9 млн. сом акча каражатын жана 5 тонна күйүүчү май жардам катары беришкендигин, ал эми, быйыл да 9 млн. сом акчалай жардам жана ар кандай жагдайларда жардам катары районго дагы бир млн. сом беришээрин билдирди.  Ал мындан сырткары, фирмада иштеген чаткалдыктардын саны кырк экини түзөөрүн, быйыл бул санды элүү бешке жеткиришээрин айтты. Катышуучулар Р. Ниязалиевден фирмага чаткалдыктардан көбүрөөк алуусун талап кылышып, буга кошо эле, фирмада иштегендердин иштөө шарты начар экендигин, айлык маяналарынын аздыгын жана кечиктирилип берилишин, жумуштарды бөлүштүрүүдө башка жактан келген жумушчуларга салыштырмалуу теңсиздик бар экендигин айтышып, анын айткандарына кескин нааразылыктарын билдиришти. “Кичи Чаарат” фирмасынын өкүлдөрү Кубанычбек Орозбаев менен Рахия Өнөрбаевалар аталган фирманын районго берген жардамдары тууралуу маалымат беришти. Бул фирманын өкүлдөрүнө да катышуучулар тарабынан нааразылыктар көп болду. Мында негизинен, катышуучулар фирманын жетекчилиги коомдук угууга өзу келбей, өкүлдөрүн жөнөтүп койгондуктарына нааразы болушту. К. Орозбаев  фирманын директору Ван Зун ооруп, борборго кеткендигин билдирип, ага ылайык, фирманын бир топ тармак боюнча кызматкерлери коомдук угуунун катышуучуларынын суроо-талаптарын угууга келгендигин билдирди. Ал эми, коомдук угууга келген Курулуш айылынын тургундары “Кичи Чаарат” фирмасынын жетекчилиги Курулуш айылына спорттук зал куруп берүүгө убада берип, бирок, эми ал убадасын негедир “унутуп” жаткандыгына кескин нааразылыгын билдиришти. К. Орозбаев быйыл фирма районго 8 млн сом акчалай жардам берээрин айтып, спорттук зал куруу маселеси боюнча боюнча жетекчиликке жеткирээрин билдирди. “Чаарат ЗААВ” фирмасынын өкүлү Туратбек Усубалиев быйыл фирма районго 10 млн сом жардам берээрин маалымдады. Ал буга кошумча, Кара-Буура унаа жолун кардан тазалоого 200 миң акчалай жардам беришкендигин билдирди. Анын маалымдашынча,  фирмада жалпы 79 жумушчунун 31 и чаткалдыктар.  Катышуучулар тарабынан –Былтыр Каныш-Кыя айыл аймагына кызматтык автоунаа алып берген элеңиздер, быйыл Чаткал айыл аймагына да кызматтык автоунаа алып бере аласыздарбы?-деген суроосуна –Алып беребиз-деп жооп берди. Коомдук угуунун соңунда, катышуучулар айтылган суроо-талаптар кыйшаюусуз аткарылуусу тийиш экендигин жана коомдук угууларга мүмкүн болсо фирмалардын өкулдөрү эмес, жетекчилери келүүсү тийиш экендигин баса белгилешти. Район акими Канжарбек Эшалиев фирма өкүлдөрүнөн жергиликтүү калк менен иштөөдө мүмкүн болсо калктын суроо-талаптарына терең  маани берип, калкка өз ара түшүнүшүү менен мамиле жасоо керектигин белгиледи. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь