-Аналогдук телеберүү өчүрүлөт дебестен, заманбап санариптик телеберүүгө өтүп атабыз-деп прогрессивдүү ойлосок-деди КР. Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова Чаткал районунун калкы менен болгон жолугушуусунда. Себеби, аналогдук телеберүү заман талабына жооп бербей калгандыктан, 2006-жылы бир топ мамлекеттер, (анын ичинде Кыргыз Республикасы) аналогдук телеберүүдөн заманбап санариптик телеберүүгө өтүү боюнча Женева келишимине кол коюшкан. Кыргыз Республикасы бүгүнкү күндө, аталган келишимге ылайык, санариптик телеберүүгө өтүп жаткан кези.
Айнура Темирбековна санариптик телеберүүгө өтүү үчүн республика боюнча 54 станция коюлганын айтып, азыркы кезде республика калкынын 95 %ы санариптик телеберүүгө өткөндүгүн маалымдады. Кыргызстандын санариптик көрсөтүүгө өткөн телеканалдарынын катарынан Орусиянын эки каналына да орун берилмекчи.
Кыргызстан тоолуу мамлекет болгондуктан, калкка санариптик телеберүүнү толук жеткирүү үчүн 54 даана станция орнотууга туура келген. Мисалы: Эстония мамлекети санариптик телеберүүнү калкка жеткирүүгө ыңгайлуу б.а. ойдуңу аз болгондуктан, анда тогуз гана станция орнотулган.
Айнура Темирбекова жолугушууда КР. Өкмөтү тарабынан 25 млн. сом акча каражаты бөлүнүп, Кыргызстандын 12 телеканалы спутникке чыгарылгандыгын билдирди.
]]>