Жергиликтүү кабарлар

"Тилсиз жоодон " сактаналы

43

Урматтуу жердештер, акылман элибиз өрттү «тилсиз жоо», — деп бекеринен атаган эмес. Жалынды колдонууда ага кылдат мамиле кылбаса, ал биз үчүн «жоого» айланат. Урматтуу мекендештер, жаркыраган жаз айы келип тазалоо иштери кызуу жүрүп жаткан мезгил. Айыл жерлеринде топтолгон таштандыларды жана күзгү жалбырактарды өрттөө учурунда, өрт коопсуздук эрежелерин так сактабасак натыйжада олуттуу зыяндарды алып келүүсү мүмкүн. Статистикага карасак, өткөн 2016-жылдын март жана апрель айларында таштандыларды өрттөөдө өрт коопсуздук эрежелери так сакталбагандыктан улам районубуздун аймагында 8 жолу өрт кырсыгы катталып, натыйжада олутуу чыгымдарды  алып келген.  Урматтуу мекендештер, кандай гана ишке болбосун, кайдыгер мамиле жасалса, анын арты өкүнүч менен бүтөт. Ошондуктан урматтуу мекендештер, өрт коопсуздугунун эрежелерине так бололу. Кайдыгер болуу менен бирге өрткө өбөлгө түзүп, артынан өкүнүп калбайлы. Өз маңдай терибиз жана ак эмгегибиз менен тапкан байлыгыбызды кайдыгерликтин себебинен «тилсиз жоонун» чеңгелине салып бербейли. А. Жумабаев, Чаткал  райондук өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн инспектору, лейтенант                                           ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь