Чаткал районунан буга чейин ар тармактан облустук, республикалык жана эл аралык деңгээлдеги бир топ ишмерлер чыккандыгы белгилүү. Алардын айрымдарынын аттарын атай кетсек: техника илиминин докторлору, бир туугандар-Биймырза жана Ыза Токторалиевдер, экономика илиминин доктору Жапар Алыбаев, коомдук ишмерлер-Роба Насырова, Барпы Рысбаев ж.б. Булардын жолун жолдоп, өз таланттары жана көрөңгөсү менен республика калкына опол тоодой кызмат кылып келаткан чаткалдык уул-кыздарыбыз тууралуу да айта кетсек ашыкча болбос. Биз атайы сөз кылууга арзый турган кыздарыбыздын бири, Айбарчын Сыдыкова экендиги талашсыз.

Учурда «ЭлТР» мамлекеттик телерадиокомпаниясында реклама – маркетинг жана эл аралык тышкы байланыштар дирекциясынын редактору болуп эмгектенип жаткан Айбарчын Сыдыкова үстүбүздөгү жылдын март айында «Кыргыз Республикасынын ардактуу айымы» жогорку наамы менен сыйланды. Албетте, бул жогорку сыйлык Айбарчын Сыдыковага жөн жеринен берилген жок.

Т
Каарманыбыздын буга чейинки эмгек жолуна учкай токтолсок, ал алгач эмгек жолун 1987-жылы Чаткал районунун Каныш-Кыя айылындагы С.Байдөөлөтов атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштөө менен баштаган.
2001-2004-жылдары Чаткал райондук жергиликтүү «Кыял ТВ» телестудиясынын директору жана диктору кызматын аркалаган. Кошумчалай кетсек, Айбарчын Сыдыкова “Кыял ТВ” телестудиясынын негиздөөчүлөрүнүн бири катары да белгилүү.
2005- жылы «ЭлТР » мамлекеттик телерадио компаниясында режиссерлук кызматка киришет. Андан соң, 2007-жылы реклама – маркетинг жана эл аралык тышкы байланыштар дирекциясынын редакторлук кызматына которулат.
2008-жылдын ноябрь айында техникалык жактан көзөмөлдөө бөлүмүнүн инженери кызматына которулуп, аталган жооптуу кызматты бүгүнкү күнгө чейин аркалап келе жатат.
Ал ишмердүүлүк жолунда алгач «Ыйык жерлер баяны» радио теле көрсөтүүсү эфирден чагылдыруу менен элге таанылып, аталган көрсөтүү өз кезегинде көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө айланган көрсөтүү боло алган.
Мындан сырткары, “ЭлТР” мамлекеттик телерадио компаниясы аркылуу элге тартууланып келген «Саясий арена», «Бетме- бет»,»Билерман ордо», «Жолугушуу аянты», «Кереге кеңеш»,»Күнмаек»,,»Алтын аяк»,»Элет баяны»,»Кутман таң», «Бөбөк кечи» ж.б. теледолбоорлордун сапатына жана техникалык талабына жоопкер адис катары кызмат өтөп, буга кошо эле, мекемедеги жаш адистерге кеңешчи катары да өз салымын кошуп келүүдө.
Айбарчын Сыдыкованын элге жана мамлекетке өтөгөн ак эмгеги көз жаздымда калбай, буга чейин «КР Эл агартуунун отличниги», «ЭлТРдин эң мыкты адиси” төш белгилери, ЭлТРдин “Ардак грамотасы”, КР ӨКМнин “Ардак Грамотасы” ж.б. көптөгөн райондук, облустук жана республикалык баалуу сыйлыктарга ээ болгон.
Айбарчын Сыдыкова телерадио тармагында эмгектенүү менен бирге эле, көөдөнүндөгү көрөңгөлүү талантын да бапестеп багып келет. Анын жазган ырлары облустук гезит, журналдардын беттеринен орун алып, радиодон окулуп, Жалал-Абад облустук акын, жазуучулардын чыгармалар топтомуна киргизилип, окурмандар тарабынан өз баасын алган. Ал мындан сырткары, “Ыйык жерлер баяны” аттуу китептин автору. «Жакшы кыздар «, «Махабат— ыйык сезим», «Жаштык ай » аттуу ырларына белгилүү обончу Эгемберди Талипов обон жазып, бул чыгармалар азыр эл арасында ырдалып жүрөт.
Жооптуу кызматты аркалоо менен бирге эле, көрөңгөлүү талантып өчүрбөй багып келаткан Чаткалдын таланттуу кызы Айбарчын Сыдыкованы алдыда көптөгөн чыгармачылык ийгиликтер күтүп тургандыгы талашсыз экендигин баса белгилөө менен, ага мындан ары да чыгармачылык бийиктиктерди каалайбыз.
М. Эшназаров, КР. Журналисттер кошуунунун мүчөсү]]>