Жергиликтүү кабарлар

Өзгөчө окуя! Кар көчкүнүн астында 44 күн калган ит аман— эсен табылды

18

IMG-20170411-WA0014 IMG-20170411-WA0011 IMG-20170411-WA0017 IMG-20170411-WA0012 К. Бектурганов өзү бул өзгөчө окуя тууралуу буларды айтып берди— Итибиз түнкүсүн тандырдын астында жатчу. Кар көчкү келип, тандырды басканда, ит ал жерден чыгууга үлгүрбөй кала берген экен да. Мен 4- апрель күнү сыртта жүрсөм, капыстан иттин кыңшылаганы угулду. Үндү тыңшап басып баратып, бутум бир жерге түшүп кетти. Бутумду сууруп, ал жерди карасам, итим жатат. Көтөрүп, сууруп алсам, бечара ит арыктап, улактай эле болуп калыптыр. Муздак, сыз жерде жата берип, каптал жүндөрү тшүп, кызыл эти көрүнүп калыптыр…. Бир сындырым нан берсем ит дароо жеп алды. Анан, дагы нан берип, кийин тамак жасап берсек оңолуп кетти.— «Кырк жыл кыямат болсо да, бейажал чымын өлбөйт— демекчи, кар көчкү астында дээрлик бир жарым ай ачкарын жаткан ит азыр бир топ оңолуп,  короо кайтарып, өз озуйпасын аткарууда. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь