Аталган сынакка райондон жети мектептен таланттуу окуучулар катышып, программага ылайык, патриоттук духтагы обондуу жана көркөм ырлардан аткарышып, өз өнөрлөрүн көргөзүштү.
Соңунда, калыстардын чечими менен 1-орунга С. Байдөөлөтов орто мектебинин, 2-орунга Т. Жаналиев орто мектебинин ал эми, 3- орунга Исмаил уулу Матиш орто мектебинин командалары ээ болушту.
Эми, жеңүүчүлөрдөн тандалган таланттуулар облустук тандоого барышмакчы.
Кароо— сынак райондук жетекчиликтин буйругуна ылайык, райондук билим берүү бөлүмү жана райондук аскердик комиссариаты тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү.
М. Эшназаров]]>
Билим берүү