Коом

101 өрткө каршы кызматы эскертет!

101

Отсуз адам баласынын турмушун элестетүү мүмкүн эмес. Бирок, аны пайдаланганда этият болуп, эң жөнөкөй болгон өрткө каршы эрежелерди сактабаса ал ырайымсыз  таш боор өрткө айланып, бир заматта өмүр бою жыйып-терген оокатты, материалдык байлыктарды күлгө айлантып, ал түгүл адамдардын өмүрүнө, ден-соолугуна зыян келтирет.  Чаткал районунда  катталган өрт кырсыктарынын себептерин  анализдеп көрсөк төмөнкүдөй жыйынтык келип чыгат: Биринчи орунда электр зымдарын туура эмес монтаждоо, электр жабдыктарын эрежеге ылайык пайдаланбоо, стандарттык эмес электр жабдыктарын колдонуу. Андан кийинки орунда балдардын от менен ойноосу, чылым чегүүдөгү этиятсыздык жана башка себептер турат. Мына ушундай себептердин айынан болуп жаткан өрт кырсыктарын болтурбай коюу жалпыбыздын ишибиз.  Ошондуктан ар бирибиз өз үйүбүздөгү электр зымдарын талапка ылайык монтаждап, колдо жасалган электр жылыткычтарын колдонбосок. Жаш балдарга от менен ойноо зыян гана алып келээрин түшүндүрүп жеткирүүбүз зарыл. Дагы бир айта кетчү нерсе атуулдарыбыздын өрт чыккан кезде өрткө каршы кызматынын телефон номерин билбей 103,104 телефондоруна чалышканын угабыз. Ошондуктан өрткө каршы кызматынын телефон номерин билдирип коюууну туура көрдүк. Мамлекеттик өрткө каршы кызматынын телефону – 101. Эгер кокусунан өрт чыкса ушул телефонго чалып, өрт чыккан жердин толук дарегин, телефон чалган адам өзүнүн аты-жөнүн, телефон номерин айтууга тийиш. Өрт чыкса 101 кызматы жардамга барууга дайым даяр турат. 101-кызматы эскертет. Ар кандай электр жылыткычтарын, мештерди жагууда өрт коопсуздук эрежелерин так сактаңыздар. От жагууда тез күйүүчү майларды (бензин, керосин, солярка) колдонбоңуз. Стандартка ылайык келбеген электр жылыткычтарын пайдаланууга тыюу салынат. Үйдүн чатырларына моруга жакын жерге кургак чөп, отун, пахта ж.б. тез күйүүчү заттарды жыюуга болбойт. Сактансаң сактайт дейт элибизде. Ошондуктан  ар дайым өрт кырсыгынан сак жана оолак болуңуздар. А. Жумабаев Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору лейтенант                                    ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь