Коом

Өрт кырсыгынын алдын алуу өз колубузда

247

«Өрт тилсиз жоо» дейт элибизде. Анткени өрт айтып келбейт. Ошондуктан өрт кокустугун болтурбоо үчүн ага каршы алдын ала иш-чараларын иштеп чыгып, өрткө каршы колдон келген бардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонуу керек. Ал үчүн кыш мезгилинде жылуулук берүүчү приборлорду, электр зымдарын жана от жагуучу мештерди өз убагында кароодон өткөрүп туруу зарыл. От жагуучу мештердин тура эмес курулгандыгынан, газ жана электр менен жылытуучу приборлордун кароосуз калтырылгандыгынан жылдан-жылга өрт кокустуктарынын саны азайбай кележатат. Үйлөрдүн үстүнө кургак чөптү же саманды ж.б.у.с. тез күйүүчү заттарды жыйып коюушат. Бул- өрт кокустугу болгон учурда андан бетер өрттүн күчөп, жалындап күйүүсүнө шарт түзөт. үйлөргө жана малсарайларга электр зымдарынын башаламан тартып өтүү, электр зымдарынын уланган жерлери тура эмес болуп, сырты ачык түрдө калтырылгандыгы да өрт кырсыгын алып келет. От жагылууучу мештерди жана түтүн чыгуучу моруларды курууда өрт кокустугунун эрежелерин сактоо, өрт кокустугунун алдын алат десек жаёылбайбыз. Себеби ушул курулмаларды курууда эреже сакталбагандыктан турак жайларда өрт кырсыктары болуп, натыйжада олуттуу зыяндарды алып келүүдө. Өрт кырсыгын болтурбоо үчүн төмөндөгүдөй эрежелерди аткаруу абдан зарыл: Мештердин от жагылуучу жана күл чыгарылуучу эшиктеринин алдына 50-70см өлчөмүндө темир түнүкө төшөлүшү зарыл. Мештерге от жагууну жана күл чыгарууну жаш балдарга ишенип  тапшырууга болбойт. От күйүп турган мештерди кароосуз калтырбаёыздар. Күл төгүү үчүн коопсуз жерге чуңкур казып коюу керек. Моруларды мезгил мезгили менен ыштан тазалап туруу да талапка ылайык. үйдүн чатырындагы моору өткөн жердин айланасы күйүүчү заттардан таза болуусу зарыл. үйдүн чатырына чөп, саман, пакал, ж.б.у.с. тез күйүп кетүүчү заттарды сактоо өрт коопсуздугу тарабынан өтө опурталдуу экендиги эсисиёиздерге салабыз. Тандыр, очок ж.б.у.с от жагылуучу курулмаларды сарайдан, үйдөн мүмкүн болушунча алыс жерге курулганы жакшы болот. Ал эми чөптү үйдөн жана сарайлардан 15-20 метр алыстыкта жыюу шартка ылайыктуу. Таштандыларды турак үйлөргө, малсарайларга жана тоют чөп жыйылган жайларга жакын жерлерде өрттөбөгөнүңүз эрежеге ылайык. Ширенкелерди жаш балдар көрбөгөн, билбеген жерлерге коюу да өрттүн алдын алууга өбөлгө түзөт. Урматтуу мекендештер, өрт кырсыгынын алдын алуу өз колубузда. Бул үчүн өрт коопсуздугунун эрежелерин так сактап, кайдыгерликке жол бербейли. Ошондо гана тилсиз жоонун жолуна бөгөт салган болобуз. А. Жумабаев Чаткал райондук ӨКМКБнүн инспектору  лейтенант                                ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь