Коом

"Чаткал периси— 2017 " кароо— сынагынын жеңүүчүсү аныкталды

99

IMG_20170307_144609 IMG_20170307_145013 IMG_20170307_145326 IMG_20170307_145117 IMG_20170307_151118 IMG_20170307_160331 IMG_20170307_155343 IMG_20170307_154150 IMG_20170307_184201 20170307_190050   20170307_193642 20170307_193730 Кароо— сынакка райондогу  мектептердин жогорку класстарында окуган тогуз кыз катышып, өз өнөрлөрүн көргөзүшүп, биринчиликке ат салышышты. Мында, алгач катышуучулар кызыл килемди басып өтүшүп, маданият үйүнө киришкен соң, зал толгон көрүүчүлөрдүн назарына ыр, бий жана өз өнөрүн көргөзүү номерлерин тартуулашып, калыстардын сынынан өтүштү. Соңунда, бардык жагынан төп келген катышуучу катары Каныш— Кыя айылындагы С. Байдөөлөтов орто мектебинин 9-классынын окуучусу Нуржамал Кеңешбекова 1-орунга ээ болуп,  «Чаткал периси— 2017 » кароо— сынагынын таажысын кийди. 2- орун Каныш— Кыя айылындагы А. Баймырзаев орто мектебинин 10-классынын окуучусу Сезимай Курманбековага ыйгарылды. Ал эми, 3-орун Айгыр— Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинин 11-классынын окуучусу Эрнис кызы Таңнурага берилди. Кароо— сынактын каржылык маселеси Каныш— Кыя айыл аймагы тарабынан чечилип берилди.]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь