Коом

Өрттөн сак, эрежеге так болуңуздар

40

  Мамлекеттик өрткө каршы кызматы тарабынан өрттүн алдын алуу боюнча алып барылган үгүт-насаат иштерине жана башка профилактикалык иштерге карабастан өрттүн натыйжасында келтирилген зыяндар өсүүдө. Өрт коопсуздугунун эрежесине көңүл бурбагандыктын же кайдыгер кароонун кесепетинен улам өрт кырсыгы келип чыгууда. Андыктан ар дайым эсиңиздерде болуусу зарыл: — жаш балдарды кароосуз калтырбаңыз жана  ширенкелерди катып салыңыз, — Аба ырайы озгөрүп шамал учурунда  таштандыларды өрттөбөнүз; — электр жана газ шаймандарын түнкү же жумушка кеткен учурда күйгөн боюнча калтырбаңыз, — тамеки чегүүдө этият болуңуз — электр чубалгыларын  монтаждоодо атайын адиске кайрылыңыз. Өрт кырсыгы катталган учурда көпчүлүк жарандарыбыз кабарлоо жолдорун биле беришпейт.   Эскерте  кетели өрткө каршы кызматынын телефону «101». Үй телефону жана уюлдук телефондор аркылуу да чалуулар акысыз иш жүзүнө ашырылат. Акырында айтаарыбыз сак болунуздар, эрежеге так болунуздар. Райондук мамлекеттик өрткө каршы кызматынын жамааты Сиздерге чын ден-соолук, ишиниздерге ийгилик каалоо менен бирге, кырсыктан алыс болууңуздарды каалайт.   Д. Тайиралиев Чаткал райондук Өрткө каршы мамлекеттик кызмат бөлүмүнүн башчысынын орун басары улук лейтенант                          ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь