Сынактын максаты: Чет өлкөлүк ЖОЖдорго өз күчү менен өтүп жана ийгиликтүү билим алып жаткан Чаткалдык студенттерди колдоо жана алардын артынан өсүп келе жаткан өспүрүмдөргө стимул берүү. Стипендия тууралуу: 1. Чет өлкөдө окуп жаткан ар бир Чаткал районунун студенти катыша алышат. 2. Стипендиянын өлчөмү 20.000 (жыйырма миң) сом Конкурстун талаптары: 1. Сынакка катышуучу сөзсүз түрдө Чаткал районунун тургуну болуусу шарт 2. Талап кылынган документтерди толук жана ирээттүү түрдө тапшыруусу керек 3. Байланыш каражаттарын так көрсөтүүсү талап кылынат. 4. Конкурска катышууну каалоочулар эң кеч болгондо документтерин 20-февралга чейин тапшыруусу зарыл. Талап кылынуучу документтер: 1. Резюме. (классикалык) 2. Өмүр баян 3. Окуу жайынан окуп жаткандыгын тастыктоочу маалымкат 4. Окуусундагы жетишкендик китепчесинин көчүрмөсү (зачетка) 5. Окуу жайы, билим алып жаткан адистиги тууралуу маалымат 6. Окуу жайга кантип өткөндүгү тууралуу кыскача баяндама 7. Кошумча жетишкендиктери тууралуу маалымат 8. Байланыш каражаттарын сөзсүз түрдө көрсөтүү керек. Жыйынтыктоо жана сыйлоо: Стипендиялык сынакка жөнөтүлгөн документтерди демөөрчү Кубатбеков Идирис жана “Жаркын келечекке багыт” коомдук жаштар бирикмесинин өкүлдөрү карап чыгып эң мыктысын татыктуусун тандашат. Жеңүүчү деп табылган катышуучу атайын Бишкек шаарында өтүүчү “Чаткал кечесине” чакырылат жана ошол жактан тапшырылат. Эгер алыста болгонуна байланыштуу андай мүмкүнчүлүк болбосо ошол учурдагы шартка жараша байгеси эң коопсуз жол менен жеңүүчүнүн колуна жеткирилет.]]>