Чаткал эли учак кырсыгынан жабыркагандарга кол сунууда

IMG_20170117_134946 16-январда Чүй облусунун Дача— Суу айлында учак кулап, бир нече жарандар каза болду. Бул кырсык республика калкын оор кайгыга салып, 17— январь өлкө боюнча Аза күтүү күнү деп жарыяланып, бул күнү жер— жерлерде туулар түшүрүлүп, оюн— зооктор токтотулуп, эл аза күтүүдө. Бул оор окуяга Чаткал эли да жүрөгү канап, кырсыкка кептелген жарандарга кол сунууда. Тактап айтканда, раймамадминистацияда райондук жетекчилик тарабынан чукул жыйын өтүп, анда мекеме, ишканалар тарабынан бир күндүк эмгек акы жана жергиликтүү калктан ыктыярдуу түрдө жардам катары которуу чечими кабыл алынып, аталган жумушту көзөмөлдөө боюнча атайы райондук комиссия түзүлдү. Кошумчалай кетчү нерсе, Каныш— Кыя айлынын тургуну Мавлюдбү Карабаева  учак кырсыгына кабылгандарга жардам иретинде өз эсебинен райондук комиссияга беш жүз сом тапшырды. М. Эшназаров]]>

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *