Январь айынын он экисинде Чаткал районунун борбору Каныш-Кыя айылында Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүндө райондук маданият бөлүмүнүн жылдык отурум болду.
Отурумга райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Муратбек Досматов, райондогу бардык айылдык маданият үйлөрүнүн башчылары жана усулчулары, айылдык китепкана башчылары катышты.
Отурумда алгач, райондук маданият үйүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Айбек Бекмуратов баяндама жасады.
Баяндамада белгиленгендей, өткөн 2016-жыл ичинде райондук маданият үйүндө ар кандай багыттагы 38 маданий иш чара өткөрүлүп, 5380 адам тейленген.
Өткөн 2016-жыл-Тарых жана маданият жылында раймамадминистрациянын жетекчилиги жана райондук маданият бөлүмү биргеликте райондук жана облустук маанидеги иш чаралар да өткөрүлүп, тиешелүү жогорку органдар тарабынан жогорку баага арзыды. Тактап айтканда, облустук мамлекеттик администрация тарабынан уюштурулган “Кыз узатуу” телесынагында Чаткал району Баш байгени жеңип алып, районго бир топ аброй алып келди.
Райондук маданият үйүндө жетишкендиктер менен бирге эле, бир топ кемчиликтер да орун алган. Атап айтканда, театрлаштырылган оюн-зоокторду уюштурууда үн жаздыруучу техникалык каражаттар жетишпегендиктен, бир топ акча каражатын кетирип, облус борборуна барып жаздырып келүүгө туура келди. Буга кошо эле, керектүү музыкалык аспаптар жаатында да жетишпестиктер болуп келүүдө.
Негизи, райондук маданият үйү район борборунда жайгашкандыктан, көпчүлүк маданий иш чаралар ушунда өткөрүлөт. Маданият үйү да капиталдык ремонтту талап кылып калган учур.
Мындан сырткары, Курулуш айылынын маданият үйүнүн имараты начар абалда.
Буга кошумча, айылдык маданият үйлөрүнүн башчылары айыл аймактардын эсебинен айлык акы алгандыктан, айыл аймак кызматкерлери аларды каалаган жумушуна жумшашып, маданий иш чараларды өз убагында аткаруусуна тоскоолдук жаратып келишет. Айрым маданият үйлөрүнүн башчылары жана усулчулары айлык маяналарынын аздыгына нааразы.
Андан соң, райондук китепканалык тармактын кызматкери Нышанбү Оморова баяндама жасап, төмөнкүлөргө токтолду.
Ал билдиргендей, өткөн жыл аралыгында райондук китепканалык тармак тарабынан жылдык планга ылайык бир топ иштер аткарылган. Райондук китепканалык тармактын өткө жылдагы негизги ийгилиги катары 27-май-Китепкана күнүнө жана облустук китепкананын токсон жылдыгына карата Ош шаарында өткөрүлгөн китепкана кызматкерлеринин VIII-форумунда Чаткал райондук борборлоштурулган китепканалык тармакка моделдик китепканаларды мыкты уюштургандыгы жана иштеги жетишкендиктери үчүн баш байге ыйгарылгандыгын айтууга болот.
Мындан сырткары, балдарга тарбиялык багыт берүүдө жетишилген ийгиликтери үчүн райондук балдар китепканасы КР. Коомдук китепканалар ассоциациясынын президенти тарабынан Китепканалар күнүндө атайы Диплом менен сыйланды.
Айгыр-Жал, Чакмак-Суу жана Башкы-Терек айылдарында айылдык китепканаларга Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан имараттар курулуп берилип, көз кубанаарлык иштер аткарылды.
Антсе да, райондук китепканалык тармак өткөн жылда кемчиликтерден куру болгон жок. Мисалы: Сумсар, Шакафтар жана Терек-Сай айылдык китепканаларында компьютерлер жетишсиз болуп, китепканачылар айрым керектүү кагаздарын жасатуу үчүн коңшулаш Ала-Бука районуна барууга туура келүүдө.
Жаңы-Базар айылдык китепканасына Чаткал айыл аймагы тарабынан ар кандай шылтоолор менен көмүр кечиктирилип берилген.
Райондук маданият бөлүмүнүн Сумсар жана Терек-Сай айыл аймактары боюнча координатору Мамадалы Жороев Сумсар көркөм өнөр мектебинде иш кагаздарын жүргүзүү аксап жаткандыгын айтып, Сумсар айыл аймагы боюнча “Өнүгүү-Прогресс” саясий партиясынын демөөрчүлүгү менен алынган бир даана гана заманбап музыкалык аппаратура болгондуктан,айыл аймакта өткөрүлгөн маданий массалык иш чаралар учурунда музыкалык аппаратура жаатында тартыштык болуп жаткандыгын айтып, район акиминин орун басары Муратбек Досматовдон бул маселени чечүүгө жардам берүүсүн өтүндү.
Ал буга кошо эле, жаңырган жылда АРИС тарабынан Сумсар айылдык маданият үйүнүн чатыры жаңылануусу пландалып жаткандыгын билдирди.
Отурумдун жүрүшүндө, айылдык маданият үйлөрүнүн башчылары жана усулчулары өз жумуштары тууралуу өз ойлору менен бөлүшүп, көйгөйлөрүн ортого салышты. Айрымдарына токтоло кетсек, айрым айыл аймактар айылдык китепкана кызматкерлеринен гезит, журналдардын жазылуусуна деп айлык маяналарынын өтө көп кармап алган учурлар учуроодо.
Райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Нурбаев катышуучулар тарабынан айтылган бир топ көйгөйлөргө токтолду. Ал өз сөзүндө, айылдык маданият үйлөрү үчүн кадр жаатында чоң кыйынчылык болуп келаткандыгын айтып, район аймагында жогорку билимдүү музыка адистери абдан аз санда экендигин айтты. Антсе да, Ош, Жалал-Абад шаарларындагы маданият техникумдарынан жана атайы орто окуу жайларынан кызматкерлерди окуттуруп, кадр жаатын эптеп түздөп келатышкандыгын билдирди. Ал ошондой эле, көркөм өнөр жаатында окуу жайларга азыркы жаштар аз окуп жаткандыгына да токтолду.
Жуманазар Нурбаев буга кошо эле, маданият кызматкерлерин өз жумуштарына жоопкерчиликтүү мамиле жасоого чакырып, быйыл да маданиятка тиешелүү иш чаралар көп өткөрүлөөрүн, ага жараша мамлекет тарабынан маданият кызматкерлерин ар тараптуу колдоо сөзсүз болоорун ошондуктан, өткөн жылдагыдан да активдүү болуп, райондун маданият тармагынын ишин жогорулатуу менен бирге эле, район калкын маданий жактан тейлөөдө жогорку деңгээлде эмгектенүүгө үндөдү.
Район акиминин орун басары Муратбек Досматов да сөз кезегинде жаштарды көркөм өнөргө окутчу маданият тармагындагы орто окуу жайларга окутуу керектигин айтып, бул жаатта кайрылуулар болсо раймамадминистрация тарабынан да жардам болоорун билдирди.
Отурум соңунда, иштеринен кемчилик кетирген бир топ маданият үйлөрүнүн башчыларына жана усулчуларына эскертүүлөр берилип, тийиштүү тапшырмалар берилди.]]>