Коом

Француз айымы кыргыз айымдарынын ичинен "Жамиланы" издеп жүрөт

53

IMG_20160829_103504 IMG_20160829_103440 IMG_20160829_112127 IMG_20160829_103524 Француз айымы Аминату Эшардын суранычын четке какпай, чаткалдык кыз-келиндер жашоого болгон көз караштары тууралуу ачык айрым маек беришип, кыргыз кыз-келиндеринде Чыңгыз Айтматовдун дүйнөгө белгилүү каарманы Жамиланын айрым алдыңкы көз караштагы сапаттары жана кулк-мүнөзү бар экендигин айгинелешти. -Мен атактуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун «Жамила» чыгармасына таасирлерип, кыргыз кыз-келиндеринин ичинен Жамилага төп келген каарманды издеп жүрөм. Топтогон маалыматтарымды Францияга алып барып, ал жактан чакан телефильм даярдайм. Ал фильм тууралуу долбоордун интернет сайтынан билсеңиздер болот.-дейт «Жамиланын» күйөрманы Аминату Эшар. Атактуу жазуучубуздун кыргыз кыз-келиндеринин эталонуна айланган каарманы Жамилага толук төп келген кыргыз кызы табылган күндө да, ар бир кыргыз кыз-келининде Жамиланын алдыңкы көз караштагы сапатынын жана кулк-мүнөзүнүн үзүмү бар экендигине сыймыктануу менен, кыргыз кыз-келиндеринин башка улуттардын аялдарына окшобогон алдыңкы сапаттарына баалап, аларды изилдөө үчүн алыскы Франциядан келген Аминатуу Эшарга ийгилик каалайлы. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь