Дээрлик ар бир мектепте жаңы окуу жылынын ачылышына арналган райондук мамлекеттик администрациянын, райондук билим берүү бөлүмүнүн жана тиешелүү мекемелердин кызматкерлери, ата-энелер, мугалимдер жана окуучулар катышкан салтанаттуу маарекелер өтүп, жаңы окуу жылынын урматына коңгуроолор кагылды.
Белгилей кетсек, райондогу дээрлик бардык мектептер 2016-2017-жаңы окуу жылын зор даярдыктар менен тосуп алышты. Тактап айтканда, мектептердин быйылкы утурумдук ремонт иштерине Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактары тарабынан жалпы 12 млн. 693143 сом акча каралып берилген. Мында, Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан А. Баймырзаев орто мектебинин кошумча имаратына 3 млн. 895724 сом, райондук музыкалык мектептин кошумча имаратына 2 млн. 978036 сом, Башкы-Терек орто мектебине 50 миң сом, Чакмак-Суу негизги мектебине 30 миң сом, К. Акназаров орто мектебине 30 миң сом, Кайың-Суу орто мектебине 30 миң сом, С. Байдөөлөтов орто мектебине 100 миң сом, М. Исмаилов орто мектебине 100 миң сом, Ж. Ташкеев орто мектебине 30 миң сом, А. Айымбетов негизги мектебине 30 миң сом, А. Баймырзаев орто мектебине 30 миң сом, бала бакчаларга берилген акчалай жардамдар менен кошо жалпысы 10 млн. 22180 сом ал эми, Терек-Сай айыл аймагы тарабынан Терек-Сай орто мектебине 584450 сом, А. Чымканаев орто мектебине 554454 сом, Б. Камчыбеков орто мектебине 419934 сом, бала бакчаларга берилген акчалай жардамдар менен кошо эсептегенде жалпы 2 млн. 670963 сом акча каражаты бөлүнүп берилди.
Ал эми, өз билимин өркүндөтүү боюнча мугалимдердин потенциалдык денгээлин көтөрүү максатында быйылкы жаңы окуу жылын утурлай мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 11 тарбиячы, 2 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору, райББнын 2 адиси, 11 мугалим, 2 соцпедагог, 5 усулдук бирикменин жетекчиси, жалпы 34 мугалим Жалал-Абад облустук билим берүү борбору тарабынан уюштурулган курстук окуулардан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту.
Ошентип, районубузда жаңы окуу жылы башталды.
М. Эшназаров]]>