Андан соң, сыйлык тапшыруу аземине кезек берилип мында, райондун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көрүнүктүү салымдарын кошкон Нарбү Мамбетовага жана Ырысбек Орозалиевге “Чаткал районунун
Ардактуу атуулу” жогорку наамдары тапшырылды.
Мындан сырткары, жыйыра беш көп балалуу энеге “Баатыр Эне” ал эми, беш көп балалуу энеге “Эне Даңкы” төш белгилери салтанаттуу түрдө тапшырылды.
Буга кошо эле, бир нече мекеме, ишканалардын кызматкерлери райондук жана облустук “Ардак Грамоталарга” ээ болушту.
Сыйлык тапшыруу аземинен соң, театрлаштырылган оюнга кезек берилип, Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери тарабынан даярдалган, Кыргыз мамлекетинин башынан өткөргөн карт тарыхын чагылдырган театрлаштырылган оюн көрүүчүлөргө тартууланды. Тагыраак айтканда, театрлаштырылган көрүнүш аркылуу каардуу Үркүн окуясынан баштап, Кыргыз мамлекетинин түптөлүү мезгили, каардуу согуш жылдары, андан кийинки Совет мезгили чагылдырылып, көрүүчүлөргө зор таасир калтырды.
Театрлаштырылган оюндан соң, спорттук оюндарга кезек берилип, кап урушмай, улуттук күрөш сыяктуу кызыктуу спорттук оюндар болуп, катышуучулар акчалай байгелерге ээ болушту.
Ал эми, эс алуу паркынын ичине Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан тигилген жасалгалуу боз үйлөрдө сыйлуу конокторго сый тамак берилди.
Мындан сырткары, жергиликтүү соодагерлер тарабынан жайылган жарманкеде эл керектөөчү ар кандай буюмдар сатылып, майрамдык салтанатка өзүнчө көрк кошо алды.
Бул күнү райондук төрт айыл аймагында да майрамдык салтанаттуу маарекелер өткөрүлүп, элге майрамдык маанай тартууланды.
М. Эшназаров]]>