Билим берүү

Мугалимдердин август Кеңешмеси болду

165

IMG_8060 IMG_8076 IMG_8104 IMG_8085 IMG_8095 IMG_8099 IMG_8092 IMG_20160823_161950 IMG_20160823_160307 IMG_20160823_162050 IMG_20160823_161203 IMG_20160823_164151 Андан соң, райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Канжарбек Эшалиев мугалимдердин август кеңешмесине карата куттуктоо сөзүн сүйлөп, райондогу билим берүү тармагындагы аткарылып жаткан иштерге кеңири токтолду. Аким К. Эшалиев белгилегендей, райондогу мектеп жана бала бакчалардын быйылкы утурумдук ремонт иштерине Каныш-Кыя жана Терек-Сай айыл аймактары тарабынан жалпы 12 млн. 693143 сом акча каралып берилген. Мында,  Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан А. Баймырзаев орто мектебинин кошумча имаратына 3 млн. 895724 сом, райондук музыкалык мектептин кошумча имаратына 2 млн. 978036 сом, “Алтын-Бешик” балдар бакчасынын капиталдык ремонтуна 2 млн. 618420 сом, Чакмак-Суу айылындагы “Ак Шоола”бала бакчасынын утурумдук ремонтуна 10 миң сом, “Наристе” балдар бакчасынын ремонтуна 30 миң сом, “Чебурашка” балдар бакчасынын утурумдук ремонтуна 30 миң сом, Башкы-Терек орто мектебине 50 миң сом,  Чакмак-Суу негизги мектебине 30 миң сом,  К. Акназаров орто мектебине 30 миң сом, Кайың-Суу орто мектебине 30 миң сом, С. Байдөөлөтов орто мектебине 100 миң сом, М. Исмаилов орто мектебине 100 миң сом, Ж. Ташкеев орто мектебине 30 миң сом, А. Айымбетов негизги мектебине 30 миң сом, А. Баймырзаев орто мектебине 30 миң  сом, жалпысы 10 млн. 22180 сом ал эми, Терек-Сай айыл аймагы тарабынан Терек-Сай орто мектебине 584450 сом, А. Чымканаев орто мектебине 554454 сом, Б. Камчыбеков орто мектебине 419934 сом, “Ай Нуру” балдар бакчасына  131650 сом,  “Келечек” балдар бакчасына  805275 сом, “Бүчүр” балдар бакчасына 175200 сом, жалпы 2 млн. 670963 сом акча каражаты бөлүнүп берилди. Андан соң, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Тажибай Тынышов сөз сүйлөп, ал өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду. Ал өз сөзүндө белгилеп өткөндөй, өткөн 2015-2016-окуу жылында район аймагындагы 15 орто, 3 негизги жана 1 башталгыч мектеп, жалпы 19 мектепте 548 мугалим эмгектенишип, 4971 окуучу билим алышты. 11-классты 278 окуучу бүтүрүп, орто билими тууралуу аттестатка, 9-классты 313 окуучу бүтүрүп, күбөлүктөргө ээ болушту. 313 бүтүрүүнүнүн 173ү жогорку окуу жайларга, 43ү атайын орто окуу жайларына, 13 окуучу техникумга тапшырышты. Республикалык жалпы тестирлөөгө район боюнча 237 окуучу катышып, жыйынтыгында  108 лкуучу 110 баллдан жогору, 10 окуучу 150-177 баллга чейинки көрсөткүчтөргө жетише алышты. Өз билимин өркүндөтүү боюнча мугалимдердин потенциалдык денгээлин көтөрүү максатында мектепке чейинки билим берүү уюмдарынан 11 тарбиячы, 2 мектепке чейинки билим берүү уюмунун директору, райББнын 2 адиси, 11 мугалим, 2 соцпедагог, 5 усулдук бирикменин жетекчиси, жалпы 34 мугалим Жалал-Абад облустук билим берүү борбору тарабынан уюштурулган курстук окуулардан өтүшүп, сертификаттарга ээ болушту. Өткөн окуу жылында мектептерге сырттан бир топ инвестициялар тартылды. Атап айтканда, январь айында 5 мектеп “Дүйнөлүк азык Түлүк программасына” пландаштырылып, өткөрүлдү. Райондон 6 мектеп МЕРСИКО уюму тарабынан пилоттук долбоордун алкагында ысык тамак менен камсыз болду. Бул долбоордун алкагында аталган мектептердин ашканалары толук ремонттон өткөрүлдү. Өткөн окуу жылында жалпы мектепке чейинки билим берүү уюмдары айыл аймактарынын бюджетинен жана бейөкмөт уюмдардан эмеректер үчүн жалпы суммасы 8 млн. 654 миң 600 сомдук инвестиция тартышты. Мындан сырткары, 235 миң сомдук компьютердик жабдууларды алышты. Кеңешменин жүрүшүндө, С. Байдөөлөтов атындагы Каныш-Кыя орто мектебинин физика мугалими Р.Байматова, Р.Чонатаева, Б.Чоюнова,  А.Алыбаевалар, Т.Жаналиев атындагы Чаткал орто мектебинин мугалими С.Өскөнбаева. В.И. Ленин атындагы мектеп-интернатынын тарбиячысы Г. Рамашеваларга “Ардагер мугалим” ардактуу наамдары салтанаттуу түрдө тапшырылды. Буга кошо эле, айыл аймак башчылары С. Мусабаев, Н. Мырзаяров, Б. Турдалиев, А. Рысбеков жана “Кичи Чаарат” кен фирмасынын өкүлү К. Мамакеевдер  куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, бир нече мугалимдерге акчалай сыйлыктарын тапшырышты. Мындан сырткары, 2016 – 2017 -окуу жылына карата мектептердин даярдыктары жана окуу-тарбия  иштериндеги жетишкендиктери боюнча мектептерге байгелүү орундар тапшырылды. Атап айтканда, типтүү мектептердин арасынан өткөн окуу жылы ичинде бардык талаптарга толугу менен жооп бергендиги жана жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги учун  «Баш байге» менен Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебине ыйгарылып, 4000 сомдон акчалай сыйлык менен  сыйланды. Ал эми,  жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендиги үчүн типтүү мектептердин арасынан I орун  Б.Камчыбеков атындагы орто мектебине ыйгарылып,  2500 сомдон акчалай сыйлык менен,  II орун С.Байдоолотов атындагы орто мектебине  ыйгарылып, 1500 сомдон акчалай сыйлык  менен, Сумсар орто мектебине III орун ыйгарылып, 1000 сом акча менен сыйланышты. Ушундай эле жетишкендиктери үчүн типтүү эмес мектептердин арасынан С.Мырзалиев атындагы орто мектебине «Баш байге» ыйгарылып, 4000 сом акча менен,   I орун  Чакмак-Суу орто  мектебине ыйгарылып, 2500 сом акча менен, А.Чымканаев атындагы  орто мектебине  II орун ыйгарылып, 1500 сом акча менен, Ж.Ташкеев атындагы негизги мектебине  III орун ыйгарылып, 1000 сом акча менен сыйланды. Балдар бакчасынын имаратын сапаттуу ремонттон өткөрүп, аларды толук керектүү инвентарлар менен камсыз кылууда жана тарбиялануучу балдарга учурдун талабына ылайык шарттарды түзүп бергендиги үчүн 1 — орун «Келечек»  мектепке чейинки билим беруу уюмуна  ыйгарылып, 2500 сом акча менен, 2 — орун «Алтын-Бешик»  мектепке чейинки билим беруу уюмуна  ыйгарылып, 2000 сом акча менен, 3 — орун «Чебурашка» мектепке чейинки билим берүү уюмуна  ыйгарылып, 1000 сом акча менен сыйланды. Кеңешменин соңунда, Чаткал районунун мугалимдеринин жана билим кызматкерлеринин райондук Кенешмесинин катышуучуларынын райондун бардык мугалимдерине, билим беруу кызматкерлерине жана коомчулугуна Кайрылуу кабыл алынды. М. Эшназаров     Чаткал районунун мугалимдеринин жана билим кызматкерлеринин райондук Кеңешмесинин катышуучуларынын райондун бардык мугалимдерине, билим берүү кызматкерлерине жана коомчулугуна КАЙРЫЛУУСУ.   Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу районубуздун коомчулугу!   Биз, Кыргыз Республикасынын Жалал – Абад облусунун Чаткал районунун мугалимдери жана билим берүү кызматкерлери ошондой эле райондук мамлекеттик администрациясынын жана райондук жалпы коомчулуктун өкүлдөрү өсүп келе жаткан жаш муундарды сезими назик, жан дүйнөсү бай, билими терең ойлогон ою да, жасаган аракети да асыл, адамгерчиликтүү өз эли жерин сүйгөн келечек ээлерин тарбиялап өстүрүп, алардын алдына чон максаттарды коюу менен бир кишидей баш көтөрүп, бүткүл рухун улуттук ой-тилекке айландырып, багыттоого районубуздун борборуна чогулуп олтурабыз. Районубузда билим берүүнүн өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу багыттары катары окуучулардын билим сапатын жогорулатууну, адамдардын өмүр бою билим алышынын бирдей шартын түзүүнү жана анын жеткиликтүү болуусун колдойбуз. Мында тез өзгөрүп бара жаткан дүйнөдө билим берүү системасы өзгөрбөй туруп калууга мүмкүн эмес.  Ал коомдун талаптарына жараша тез темпте байма – бай жаныланып туруусу абзел. Татыктуу билимге ээ болуу укугу – адам баласынын эн негизги укуктарынын бири. Ал укук кандай гана өлкө болбосун билим алуу өнүгүүнүн пайдубалы болорун дүйнө эчак эле тааныган. Ал укук канчалык ийгиликтүү турмушка ашса, ошол мамлекет ошончолук тез, ийгиликтүү өнүкмөкчү. Урматтуу кесиптештер: Албетте билим берүү системасында жүргүзүлүп жаткан реформалардын башкы кыймылдаткыч күчү Сиздер, мугалимдер экендиңиздерди эске алып, Сиздер тараптан айтылган сунуштарды, көйгөйлөрдү жалпы  чечүү жолдору төмөндөгүлөрдү зарыл деп табат: 1. Жаш муундарга азыркы мезгилде дүйнөнү түшүндүрүү жана илимий көз карашты калыптандырууну, адамдын укугун коргогон эркин демократиялык коомдун ыймандуу жарандарын патриоттуулукка, эли журтуна, Ата Мекенине камкор мамиле жасоого, тарбиялоого бул багыттагы иш чаралардын жигердүүлүк менен аткарылышына жетишүүгө; Балдардын жана өспүрүмдөрдүн арасында кылмыштуулуктун, зордук-зомбулуктун жана диний эстремизмдин алдын алуу боюнча бардык билим берүү мекемелеринде жана коомдук уюмдарда ырааттуу иш жүргүзүүгө, бул үчүн, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, «Билим берүү жөнүндөгү мыйзамынын» талаптарына ылайык тарбиялоо-түшүндүрүү иштеринин түрдүү формаларын пайдаланып, алардын аң-сезимин туура калыптануусуна багыт берүүгө, мектеп, ата-эне, коомчулук жана укук коргоо органдары менен тыгыз байланышта иштөөгө; Мектепке чейинки балдар бакчаларынын экономикалык – социалдык шарттарын мындан ары дагы жакшыртуу жана райондун аймгагында жамааттык мектепке чейинки билим берүү уюмундарын түзүүгө; XXI – кылым компьютердин жана информациялык технологиялардын кылымы экендигине байланыштуу ар бир мектепте анын өндүрүштүк базасын түзүүгө жана колдо болгон бардык компьютердик техникаларды өндүрүмдүү пайдалануунун натыйжасында окуучулардын билимдерин өркүндөтүүгө жетишүүгө; Билим берүү мекемелериндеги окуу – тарбия ишинин сапаты алардын материалдык – техникалык базасына байланыштуу болгондуктан окуу көргөзмө каражаттары, окуу китептери менен камсыз кылууга, бул үчүн элдин жана башка Эл аралык демөөрчү уюмдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңири пайдаланууга; Билим берүү тармагындагы кадрлардын жетишсиздигин кыскартуу максатында жогорку окуу жайлары менен байланышты чындап, жаш адистерди жергиликтүү бийликтердин көмөгү менен өз жеринде иштеп калуусу үчүн зарыл шарттарды түзүүгө; Окуучуларды олимпиадага, республикалык тестирлөөгө жана «Алтын-тамга» тестирлөөсүнө даярдоодо баланын аң-сезимин терең ойготуу боюнча логикалык ой жүгүртүүгө карата атайын даярдалган тесттер менен машыктырып, эффективдүү жыйынтыктарды чыгарууга; Эгемендүү өлкөбуздүн демократиялык жолдо өнүгүшү жана укуктук мамлекеттин калыптанышына активдүү катышып, эл арасында мамлекеттин саясатын терең тушүндүрүү аркылуу өзүбуздун билими жогору, саясий аң-сезими жетик инсандар экендигибизди көрсөтүүгө.   Урматтуу кесиптештер, урматтуу районубуздун коомчулугу биз сиздерге кайрылабыз! БУУнун адам укуктары боюнча декларациясында ата – энелер өз балдарынын өнүгүүсү, ден – соолугу жана жыргалчылыгы үчүн функционалдык жактан жооптуу болоору жазылган. Так ушул үй бүлө коомдо өзүн алып жүрүүнүн баладагы үлгүсүн калыптандырат. Алардын негизинде бала өз турмушун курат. Учурда ата – энелер билим берүү процессинин толук кандуу катышуучусу. Үй бүлө – бул адамдын бүтүндөй өмүрүндөгү бирден-бир тарбиялоо Университети. Жарандык коомубуздун ынтымак – ырашкерлигин чыңдоону, улуттар аралык ынтымакты бекемдөөнү, элибиздин бейпилдигин сактоону жигердүү ишке ашыруу менен атуулдук парз катары кабыл алып, биз райондук мамлекеттик администрациясынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, билим берүү мекемелеринин жетекчилерине жалпы билим берүүнү өнүктүрүү боюнча жигердүү аракеттерди жасап , чечимдерди кабыл алганга чакырабыз !   Кайрылуу райондун мугалимдеринин жана билим беруу кызматкерлеринин август Кенешмесинде кабыл алынды.   23 – август  2016 – жыл]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь