Кабар

Жайкы өрт коопсуздугун сактайлы

174

Күндүн аябай катуу ысышы менен тоо этектериндеги, ачык аймактардагы, жайыттардагы кургак чөптөрдө, эгин аянттарында өрт кырсыктарынын катталуу ыктымалдуулугу жогору бойдон калууда. Жайкы өрт кооптуу мезгил башталгандан бери облус аймагында кургак чөптөрдө 88 өрт кырсыгы катталып, жалпы 470 гектарга жакын аянттагы кургак чөптөр, анын ичинде  талаадан ташылып чыга элек, таңгакталган 590 даана пресс  күйүп, 18 тонна тоют өрттөнүп кеткен  кеткен. Мындан тышкары, өрттөн 5,49 га орула элек буудай аянты жабыркаган. ЖоЖайкы өрт кооптуу Жайкы өрт кооптуу кандай өтүп жатат. Күндүн аябай катуу ысышы менен тоо этектериндеги, ачык аймактардагы, жайыттардагы кургак чөптөрдө, эгин аянттарында өрт кырсыктарынын катталуу ыктымалдуулугу жогору бойдон калууда. Жайкы өрт кооптуу мезгил башталгандан бери облус аймагында кургак чөптөрдө 88 өрт кырсыгы катталып, жалпы 470 гектарга жакын аянттагы кургак чөптөр, анын ичинде  талаадан ташылып чыга элек, таңгакталган 590 даана пресс  күйүп, 18 тонна тоют өрттөнүп кеткен  кеткен. Мындан тышкары, өрттөн 5,49 га орула элек буудай аянты жабыркаган. Жогорудагы өрт кырсыктары этиятсыздыктан улам келип чыгып, көпчүлүгү Жалал-Абад шаарынын, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен районунун аймактарында катталган. Жогорудагыдай кургак чөптөрдөгү өрттөрдү алдын алуу максатында   Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик кызмат башкармалыгы райшаардык бөлүмдөрү, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте айыл тургундарынан ыктыярдуу өрткө каршы кошундарды түзүү, аларды өрт өчүрүүчү шаймандар, өрт өчүрүүгө ыңгайлаштырылган техникалар менен камсыз кылуу, чарбалык обьектилердин аймагын, жол четтерин кургак чөптөрдөн тазалоо, өрт кооптуу жайларда соколуу тракторлор менен атайын тосмолорду айдоо, тоют топтоого, эгин жыйноого катышуучу техникалардын абалына өзгөчө көңүл буруу сыяктуу жайкы өрт кооптуу мезгилдеги өрткө каршы иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча иш алып барууда. Учурда, тоолуу келген Токтогул, Тогуз-Торо, Чаткал райондорунун жана  Кара-Көл шаарынын тоолуу аймактарындагы кургак чөптөрдө, токойлордо ири өрт кырсыктарынын чыгып кетүү коркунучу сакталат.     Өрткө каршы кызматы  жайкы өрт кооптуу мезгилде кургак чөптөрдө катталуучу өрт кырсыктарын алдын алуу максатында облус тургундарын ачык отту пайдаланууда, тамеки тартууда өрт коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет.   Каныбек Маматкулов, Жалал-Абад облустук өрткө каршы мамлекеттик  кызмат башкармалыгынын өрттү алдын алуу бөлүмчөсүнүн   улук инспектору, улук лейтенант     ]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь