Жолугушууда Т. Асаналиев адам баласынын организмине терс таасирин тийгизбеген таза айыл чарба продукцияларын өндүрүү маселеси тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Атап айтканда, азыркы кезде айыл чарбасында колдонулуп жаткан жер семирткичтеринин көбү химиялык жолдор менен жасалып, адамга, жерге бир топ зыян келтирип жаткандыгы айкын. Анын кесепетинен адам баласы бир топ дарттарга кириптер болуп жаткандыгы да жашыруун эмес. Мунун алдын алуу максатында Орусия өндүрүшчүлөрү тарабынан адамга зыян келтирбеген жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн табигый өсүшүнө терс таасир тийгизбеген абалда мол түшүм берүүсүнө жакшы өбөлгө түзгөн органикалык жер семирткичтерди ойлоп таап, чыгарып жатышат. «Флора— С», «Фитоп флора— С » деп аталган мындай семирткичтер жогоруда айтылгандай оң касиетке ээ болуп, мол түшүм алууга зор шарт түзмөкчү. Аталган дарыларды дыйкандарга сунуш кылган Т. Асаналиев дыйкандарды топторго уюшуп, ассоциация менен кызматташуу аркылуу район калкынын жашоо— турмушунун оңолушуна салым кошууга чакырды.
Келерки сентябрь айында КР. Экологиялык таза азыктарды өндүрүү ассоциациясы райондук деңгээлдеги жолугушуу өткөрүүнү максат кылып жаткан кези.
Эскерте кетсек, районубузга ассоциациянын өкүлдөрү райондук агрардык өнүктүрүү департаментинин чакыруусу менен келишти.
М. Эшназаров]]>
Жергиликтүү кабарлар