Артурбек спорттун бул түрү менен машыкканына аз гана убакыт болсо да, көзгө толоорлук ийгиликтерди жарата алды. Айта кетсек, өткөн жылдын 2-февралында болуп өткөн эрежесиз эр уруш боюнча республикалык мелдеште 57 килограмм салмактагылар арасында үчүнчү орунду багындырган эле. Быйыл минтип, эл аралык мелдеште жеңүүчү болду.
Артурбек КР. Дене тарбия жана спорт академиясында үчүнчү курста окуйт. Келечектүү жаш спортчуга албан ийгиликтерди каалайбыз.
М. Эшназаров]]>