Кабар

Малчылардын майрамы татыктуу белгиленди

65

IMG_20160723_115928 IMG_20160723_094027 IMG_20160723_120020 IMG_20160723_120715 IMG_20160723_122443 IMG_20160723_121431 IMG_20160723_122537 IMG_20160723_122957 IMG_20160723_124107 IMG_20160723_123823 IMG_20160723_131108 IMG_20160723_130611 IMG_20160723_122136 IMG_20160723_133948 IMG_20160723_145131 Майрамдык маарекеге КР. Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дайыр Кенекеев баштаган облустук, райондук жетекчилер тобу жана Чаткал районунун акими Канжарбек Эшалиев баштаган райондук жетекчилик, Кыргыз Республикасынын Орусия Федерациясынын Ыраакы Чыгыш округундагы консулу Кадырбек Мырзабаев катышты. Маарекенин жүрүшүндө бир топ таластык жана чаткалдык мал чарба кызматкерлери, дыйкан— фермерлери «Ардак Грамоталар » жана баалуу белектер менен сыйланышты. Буга кошо эле, аркан тартыш, эр оодарыш жана улуттук күрөш боюнча мелдештер болуп, жеңүүчүлөр акчалай байгелерге ээ болушту. Маарекени Ч. Айтматов атындагы райондук маданият үйүнүн кызматкерлери ыр— күү менен шаңга бөлөштү. Жыл сайын кезек менен өтчү бул маарекенин каржылык жана уюштуруу жагы быйыл Чаткал району тарабынан камсыздалды. Белгилей кетсек, быйыл Чаткал жайыттарында Талас облусунан келген 86 короо кой, 4149 баш кара мал жана 2381 баш жылкы багылууда. М. Эшназаров]]>

ОСТАВЬТЕ ОТВЕТ

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
пожалуйста, введите ваше имя здесь