Жолугушууда алгач, аталган коомдун борбор калаадагы штабынын өкүлү Салтанат Абдыжапарова коомдун тарыхы, максаты жана ишмердүүлүгү менен кыскача тааныштырып, коом Чаткал районуна алгач ирет келип жаткандыгын, мындан ары район калкы менен ар кандай кырдаалдарда тыгыз иштешүүгө кызыкдар экендигин айтты.
Ал буга кошо эле, коомдун өкүлдөрү Улуттук Кызыл Ай коомунда негизинен, ыктыярчылар эмгектенишип, алар аркылуу башка мамлекеттердеги не бир апаат мезгилдерде кыйналган адамдар жардам алып келаткандыгын слайд шоу аркылуу катышуучуларга түшүндүрүшүп, катышуучуларды ыктыярдуу катары кызматташуу менен аталган коом аркылууар кандай оор кырдаалдар жүз берген учурда районго жардам берсе болоорун айтышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө, райондогу аз камсыз болгон үй бүлөлөргө коом өкүлдөрү тарабынан бекер кийим— кечек таркатылды.
М. Эшназаров]]>