Тегерек столдо алгач, тренер Алмазбек Эшенкулов долбоор тууралуу кеңири маалымат берип, андан алынчу киреше булагы тууралуу түшүнүк берди. Ал бүгүнкү күндө райондун беш айылы— Каныш— Кыя, Коргон— Сай, Башкы— Терек, Жаңы— Базар жана Терек— Сай айылдарында ишке ашырылып, аталган айылдардагы дыйкан— фермерлер күнөсканалардан киреше таап башташкандыгын айтты.
Андан соң, дыйкан фермерлер Нарсулуу Наргозуева, Назгүл Момунова, Азия Молдотаевалар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, катышуучуларга ишмердүүлүктөрү тууралуу айтып беришти.
Тегерек столдо мындан сырткары, тренерлер—Каныкей Мырзаева, Эгемберди Казыбеков жана Алишер Юлдашевдер эдвокаси, мал чарбасын кантип асылдандыруу, үнөмдүү мештерди куруу боюнча түшүндүрмөлөрдү беришти.
Тегерек стол жыйынтыкталган соң, катышуучулар долбоордун алкагында иш алып барып жаткан тоок багуучу Уулбү Рахматова жана дыйкандар Үмөтбек Кушназаров жана Гүлзада Таласбаевалардын күнөсканалары менен таанышышып, Нургазы Жолдошевдин үйүнө курулган үнөмдүү мешти көрүшүп, анын курулушу жана үнөмдүүлүгү тууралуу маалымат алышты.
М. Эшназаров]]>