Тегерек столдо алгач, координатор Алмазбек Акматалиев АРИСтин приоритеттүү багыттары менен катышуучуларды кеңири тааныштырып, буга чейинки долбоор тарабынан республикада, анын ичинен Чаткал районунда бир топ иштер аткарылып, райондун айыл чарбасынын өнүгүүсүнө бир топ салымдар кошуп келгенин фактылар менен келтирип, бул жолку долбоорлор айыл чарбасынын, мал чарбасынын жана жайыттардын шарттарын оңдоо багытында ишке ашырылаарын маалымдады.
Тегерек столдо АРИСтен республика боюнча эң көп өлчөмдөгү каражат Каныш— Кыя айыл аймагына бөлүнүп жаткандыгы маалым болду себеби, аталган айыл аймагы долбоор тарабынан коюлган көп талаптарга жооп бергендиги менен артыкчылыкка ээ болуп натыйжада, айыл аймакка эки жүз элүү миң доллар акча каражаты берилиши күтүлүүдө.
Тегерек столдун жүрүшүндө, катышуучулар долбоордун кызматкерлерине суроолорду беришти. Аларга өз кезегинде тийиштүү жооптор алынды.
Район акими Канжарбек Эшалиев айыл аймак башчыларын жана катышуучуларды долбоорго жигердүү катышып, райондун социалдык— экономикалык маселелерин чечүүдө четте турбай, активдүү болууга чакырды.
Тегерек столдун соңунда, долбоордун Чаткал району боюнча эксперти болуп жаңыдан дайындалган Майсалбек Молдалиев катышуучуларга тааныштырылды.
М. Эшназаров
]]>