Жыйында алгач, район акими Канжарбек Эшалиев сөз сүйлөп, буга чейин райондогу саламаттыкты сактоо тармагы бир кыйла кыйын абалды кечиргендигин, азыр тейлөө, ички тартип маселелери бир топ чечилип калгандыгын, антсе да, кадр маселелери көйгөй болуп келаткандыгын, азыр эки дарыгердин орду бош болуп, ага чет жактан дарыгерлерди тартуу маселеси каралаарын, азыр райондон он алты улан— кыздар жогорку медокууда окуп жаткандыгын айтты.
Ал буга кошо эле, райондогу мекемелер менен биргеликте райондогу саламаттыкты сактоо ишиндеги маселелерди жабыла чечүү керектигин билдирди.
Андан соң, Сумсар аймактык ооруканасынын башчысы Эсенгүл Таджибаева сөз сүйлөп, Союз мезгилиндеги дарыгерлерге көрүлгөн камкордуктар тууралуу айтып, азыр дарыгерлер катардагы медайым, кызматкерлердин маяналарындагы теңсиздикти айтып, өз ой— пикирлерин билдирди. Ал буга кошо эле, азыркы медкызматкерлердин кыйынчылыктуу шарттары тууралуу айтып, медкызматкерлерге райондук мекемелер тарабынан керектүү шарттарды түзүп, районго дарыгерлерди тартууга жана аларга шарттарды түзүп берүүгө аракеттерди көрүү керектигин билдирди.
Андан кийин, Каныш— Кыя айыл аймагынын башчысы Сатаркул Мусабаевге сөз берилип, ал өз сөзүндө өткөн жылы айыл өкмөтү тарабынан кургак учук менен ооруган жети жаранга жалпы бир тонна жети жүз элүү кило көмүр берилгендигин, айыл аймактагы медмекемелерге төшөнчү, жууркан жаатында жардам берилгендигин, мындан сырткары келерки айларда акчалай жардамдар берилээрин, Чакмак— Суу айылына ФАП куруу пландаштырылып жаткандыгын, ФАПтардын чатырлары оңдолуп, ремонттолуп жаткандыгын, сырттан келген дарыгерлердин жашоочу үй акылары төлөнүп берилип келаткандыгын, жашоочу үй маселесин чечүү жаатында да аракеттер көрүлөөрүн билдирди.
Ал берилген суроолорго ылайык, эгер кат аркылуу кайрылуу болсо, сырттан келген дарыгерлер менен бирге эле жергиликтүү дарыгерлерди да көмүр менен камсыздап бере алаарын билдирди.
Айгыр— Жал участкалык ооруканасынын башкы дарыгери Байызбек Балташев Чапай, Кара— Суу айылдарына кышында Тез жардам унаасы баралбай жаткандыгын, айрым кургак учук менен ооругандар жардамга муктаж болуп жаткандыгын, удаа эгиз төрөгөн энелерге да үч же, төрт эм төрөгөн энелер сыяктуу жардамдарды берүүнү кароо керек экендигин айтты.
Медайым Ракыя Өнөрбаева Башкы— Терек айылына тез жардам чакыруу менен ушуга чейин врачтар сейрек бараарын айтып, аталган айылдагы медайымдардын шарты өтө оор экендигин айтып, тиешелүү жактардан өтө аз көңүл бөлүнүп жаткандыгын айтып, кошумча штат берүүнү суранды. Буга жооп иретинде Чаткал ЖДПБнын директору Бакыт Ырысбеков аталган айылга бир врач берилээрин билдирди.
Андан кийин райондогу ФАП, ҮДТлардын азыркы абалы жана көйгөйлөрү тууралуу слайд шоу көрсөтүлдү. Бул видео топтомго райондук санэпидкөзөмөл борборунун башчысы Гүлбарчын Акылбекова түшүндүрмө берип, Сумсар айыл аймагындагы медмекемелерге салыштырмалуу райондун калган башка жактарындагы медмекемелердин абалы өтө төмөн экендигин белгиледи.
Андан соң, Терек— Сай аймактык ооруканасынын башкы дарыгери Фарида Ташбалтаева, ЖДПБнын дарыгери Абдумалик Исмаилов, Жаңы— Базар участкасынын дарыгер— физиатры Капар Нарбаевдер сөз сүйлөштү.
Сумсар айыл аймагынын башчысы Айтыкул Рысбеков аймактык ооруканага максаттуу жардамдар берилип келаткандыгын билдирди.
Жыйын соңунда, жыйынга катышкан айыл аймак башчылары, тиешелүү кызматкерлери жана айылдык кеңештердин депутаттары тегерек столдо кабыл алынган чечимдерин жана талаптарын толук аткарууга даяр экендигин билдиришти.
М. Эшназаров]]>